Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сары-Булак каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери, атайын бөлүнгөн техника менен иш алып барып жатышат.
“Жакынкы арада Сары-Булак каналынын ичин тазалоо иштерин баштадык. Буга чейин каналдын ичин жергиликтүү тургундар кол менен тазалап келишкен. Быйылкы жылы каналдын ичи кум, шагыл, топуракка толуп калгандыктан, атайын техника менен тазалоого туура келди. Каналдын ичи кеңейтилип туурасы 2,5-3 метрге чейин, ал эми узуну 200-250 метрге чейин казылып жатат”,- дейт айыл башчы Алтынбек Болотов.
«Сары-булак каналын биз буга чейин кол менен тазалап келгенбиз. Он жыл мурун атайы фонддон атайын экскаватор бөлүнүп берилип, каналдын ичин кеңейтип, жанындагы бак-дарактар кыйылып тазаланган. Азыркы күнгө чейин айыл тургундарынын жардамы менен тазалап келгенбиз. Быйылкы жылы каналдын ичи кум, шагыл, чым толуп саз болуп кеткендиктен техниканын жардамы керек болду. Буюрса башынан аягына чейин тазаланып калса, айыл тургундары өз жерлерин кенен суу менен сугарып калышат деген ойдомун»,- дейт айыл тургуну Урчеке Кенжебаев.
Азема Кудуева