Бишкек шаарында “Прогресс” коомдук бирикмелеринин филиалдары арасында “Progress cup” интеллекттуалдык оюну уюштурулду. Жеңген командаларга каралган байге фонду 100 000 (жүз миң) сомду түздү.

«Прогресс» коомдук бирикмесинин төрөгасы Табылды Муратбеков
Республикада “Прогресс” коомдук бирикмесинин бир нече филиалдары бар. Алар «Кочкор Прогресс» коомдук фонду, «Түп Прогресс»жана «Токтогул Прогресс» коомдук бирикмелери. Жыл сайын аталган райондордун аймактарындагы мектептер арасында интеллектуалдык оюндар болуп турат. Жыйынтыгында жеңген топторго баалуу сыйлыктар берилет. Бул жылы да сынак уюштурулду. Биринчи этабында ар райондун ичинде өткөрүлүп жеңишке жеткен 75 окуучу борбор калаа Бишкекте боло турчу финалына катышып келишти.

«Кочкор Прогресс» коомдук фондунун төрөгасы Умар Туратбеков
7-май күнү “Progress cup” аталышындагы интеллектуалдык оюну болуп өттү. Коомдук бирикмелер жайгашкан райондордун борборунда биринчи этабы болуп өттү. Ал жактан жеңген топтор келишти. Борбордо болгон оюнга 75 окуучу келип катышты. 14 топ катышып анын ичинен 6 команда алдыңкы орунга ээ болушту. Баш байгени Токтогулдан келген топ жеңип алды. 1- жана 3-орунду Түп районунан келген командалар, 2 менен 4-орунду Токтогул райондорунан келген командалар жана 5-орунду Кочкор районунан келген команда ээ болду.
Биздин негизги максатыбыз район ичиндеги мектептердеги окуучулардын ынтымагын бекемдөө жана интеллектуалдык дареметин өнүктүрүү. Жалпы байге фонду 100 000 (жүз мин) сомду түздү. Таймаш инновациялык борборунда өткөрүлдү”, -деди «Кочкор Прогресс» коомдук фондунун төрөгасы Умар Туратбеков

Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков
“Биз “Жаратман” атту тобубуз менен “Progress cup” аталышындагы интеллектуалдык оюнуна катыштык. Биринчи Кочкор районундагы болгон таймашта 1-орунду алып, борбордук турга жолдомо жеңип алганбыз. 6-май күнү барганда бизге “Ала-Тоо” жана “Манас Ата-Түрк” университеттерине экскурсия уюштуруп беришти. Андан соң кинотеатрга барып кино көрүп, жатаканага жөнөдүк. Бардыгы бизге жакты, убактыбыз кызыктуу өттү. Эртеси аталган сынакка катыштык”, — деди Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков.

Ара-Көл орто мектебинин «Жаратман» тобу


Жалпы 75 окуучу сынакка катышты

Катышкан ар бир окуучу сыйлыктарга ээ болушту

Катышуучулар экскурсия учурунда

Баш байгени Токтогул районунан келген команда 25 000 (беш миң) сом утуп алышты
Кусейин Марат уулу, Эрмек Жумабеков