Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде STEM жана Келечек үчүн билим берүү багытында райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга мектеп мугалимдери жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Зайнабидин Мамасадыков катышты.
Семинардын катышуучулары
Семинардын катышуучулары
Акыл таймаш учурунда
Майрам Шамшиева
«Бүгүнкү семинарга Ноокат району боюнча 75тен ашуун мугалимдер катышып жатат. Биз STEM багыты боюнча 1-жолу райондук деңгээлде семинар өткөрүп жатабыз. STEM багытында 5 предмет камтылган. Математика, физика, биология, химия жана география. Ушул сабактан берген мугалимдер, келген конокторго сабактарын өтүп жатышат», — деп билдирди Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Майрам Шамшиева.
Окуучу ырдап жаткан учур
Сабак учурунда
Сабак учурунда
Сабак учурунда
Ж. Бөкөнбаев орто мектебинин тарых музейи
Сабак учурунда
Гүлмайрам Сыдыкова
«Мугалимдердин даярдыктары абдан жакшы. Мен география сабагынан берген Гүлрайхан эжекенин сабагына кирип катышып чыктым. Экология боюнча сонун сабак өтүп берди. Окуучулардын жана мугалимдин билим деңгээли өтө жогору», — деп кошумчалады Жайылма атындагы орто мектебинин география мугалими Гүлмайрам Сыдакова.
Акыл таймаш учурунда
Акыл таймаш учурунда
Жумагүл Көчкөнбаева