6-май күнү Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Өзүңдү оку» аттуу китебинин негизинде сынак болуп өттү. Сынакка 8-класстан баштап 11-класстардын окуучулары катышышты.
Нарын диний уюмунун өкүлчүлүгү Кочкор району боюнча жылдын башында китеп окуу сынагын жарыялаган. Бүгүнкү күндө китеп окуу сынагынын соңку сынагы уюштурулду.
«Бизди кубандырган нерсе бул сынак биология сабагына тиешелүү болгон «Өзүңдү оку» деген китепке байланыштуу. Сынактын максаты бул биринчиден өзүңдүн билимиңди сынап көрүү жана адамдын түзүлүшүн үйрөнүү. Ошону менен бирге китеп бир тараптуу эле болбостон, диний ишеним көз карашына да көбүрөөк басым жасалган. Мен жалпы окурмандарга «Өзүңдү окуу» китебин окуп, дене түшүлүштөрү жөнүндө дагы кененирээк маалымат алышса деп сунуштайм», — деген пикирин Адеп башаты Нарын диний уюмунун Кочкор өкүлчүлүгү Колдошбек Мадмуратов билдирди.
«Китеп чоң класстарга ылайыктуу жөнөкөй тилде жазылган. Окуучулар 1 ай аралыгында окуп даярданышты. Ал эми бүгүн жыйынтыгы чыгып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Китеп окуу сынагынын башка сынактардан айырмасы болуп бул мээге чабуул жасап, эс тутумду жакшыртып жана ар тараптуу ойлонууга жардам берди десек да болот», — деп кошумчалады Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумаалы уулу.
Асема Сүйүндүкова