Бүгүн Кетмен-Дөбө аймагында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Болот Багымбаев,мекеме ишканалардын жетекчилери жана айыл аксакалдары катышты.

Иш-чаранын жүрушүндо согушта эрдик көрсөтүп,өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган,бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлерге,аталарыбызга арналып куран окулду. Ошону менен бирге аксакал аталарыбыздан,айыл өкмөт башчы Болот Багымбаев жана мекеме жетекчилерден, жергебизде тынчтыктын ыры жанырып,элибизде ынтымак ыроолоп,молчулук,токчулук болушун тилеп каалоо-тилектер,куттуктоо сөздөр айтылды.

Бала-бакча,мектеп окуучуларынын концерттик программасы уюштурулду. Концерттик программада жаш жеткинчектер “Катюша” ырын ырдап, бийлешип,окуучулар көркөм окуп,ыр ырдап,жоокерлерге, аталарыбызга арналып гүл чамбар койулду.

Даярдагандар: Азема Кудуева.