Жыл сайын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумү тарабынан салтка айланган-агартуу айдыңындагы мыктыларды, алдынкы окуучу жана мугалимдерди, командаларды сыйлоо салтанаты уюуштурулат.
Бул жылы дагы мына ушундай майрамык иш-чара уюштурулуп, анда 2023-2024 окуу жылы ичинде “Манас” айтуу , Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата, “XXI кылымдын интеллектуалдары” , “Атам, апам жана мен”, “Жоокер ыры” сынактары, спорттук иш чаралар, “Мектеп лигасы”, семинар- тренингдер жана жайлоо бала бакчаларындагы мыкты иштерге, ийгиликтерге, байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар, окуучулар командаларына, окуткан, тренер мугалимдерге демөөрчүлөр, райондук БББү тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.
Сынактыардын жеңүүчүлөрүнө «Ак-Талаа айымдары» коомдук фондусунун өкүлдөрү сыйлык тапшырышты
Тактап айтканда, райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ыраазычылык каты” жана «Ак-Талаа айымдары» коомдук фонду тарабынан акчалай сыйлык жана сертификат, агартуунун мыкты кызматкери, коомдук ишмер Ибраимов Азимжан атындагы стипендия тапшырылды.
Барчын Мамытбекова