Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада мектептин окуучулары ыр-бийлерди тартуулап, согуш учурунан алынган сценкаларды айыл жашоочуларына көрсөтүп беришти. Иш-чаранын соңунда согушта каза болгондордун элесине арналып жасалган эстелике гүлчамбарлар коюлду.
Асема Сүйүндүкова, Акылай Карыпбекова