Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашы өткөрүлдү. Таймашка жалпысынан Көк-Жар айыл аймагынан 9 мектеп, ал эми Бел айыл аймагынан 4 мектеп катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду «Көк-Жар» инновациялык гимназия билим берүү комплексинин окуучулары камсыз кылды. 2-орунду М. Матраимов атындагы Жийде орто мектебинин окуучулары камсыз кылcа, 3-орунду Борбаш атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылды.
Таймаштын башталышында саламдашуу
Окуучулар жасаган макет
Таймаш учурундагы суроо-жооп
Азизбек Шамуратов
«Азыркы учурда эң орчундуу маселелердин бири жаштарды китеп окууга кызыктыруу, канткенде көптөгөн кызыктуу китептерди окуп таасирленишет деген маселе актуалдуу. Мына ошол маселеге жардам берип, жаштарды китеп окуганга чакырып, акыл таймашты уюштурган Махабат Эргешовнага терең ыраазычылыгымды билдиремин», — деди Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Шамуратов.
Жыйынтыктоо учурунда
Суроолорго жооп берүү
Калыстар тобу
Таймашты жыйынтыктоо
Көчкөнбаева Жумагүл