ААбды Суеркулов айыл аймагында калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында электр тармактарын жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

АДолбоордун алкагында аймактагы эскирген жыгач электр мамыларын заманбап темир-бетон мамыларга алмаштыруу үчүн Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Көтөрмө айылдарына керектүү электр жабдуулары толугу менен сатылып алынып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

Жеткирилген материалдардын курамына төмөнкүлөр кирет:
СВ-95 үлгүсүндөгү темир-бетон электр мамычалары – 133 даана;
0,4 кВ траверсалар – 113 даана;
ТФ-20 изоляторлору – 532 даана;
Стык-подкос – 14 даана;
А-35 үлгүсүндөгү электр зымы – 16 660 метр.
Жогоруда көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын жана электр жабдууларынын жалпы наркы 1 миллион 955 миң 450 сомду түздү.

Аталган иштер аймактагы электр энергиясынын сапатын жакшыртып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга жана тургундарды туруктуу электр менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Мындай инфраструктуралык долбоорлор жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу жана аймактын энергетикалык туруктуулугун чыңдоо максатында мындан ары да улантылары белгиленди.

Азема Сабырбекова