2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында республика боюнча 25 429 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу окутуулар өткөрүлөт.

Маалым болгондой, окутуулар негизги үч багытты камтыйт:
Башталгыч билим берүү
Математика
Табигый илимдер

Мугалимдерге сабак өтүү үчүн жалпысынан 455 улуттук усулчу даярдалат. Алардын 334ү кыргыз тилдүү, ал эми 121и орус тилдүү адистерди түзөт.
Окутууларга башталгыч класстардын (1–3-класстар), ошондой эле математика жана табигый илимдер багыты боюнча 5-, 7- жана 8-класстардын мугалимдери катышат.

Мугалимдерди даярдоо боюнча окутуулар 2026-жылдын 4-августунан 11-сентябрына чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт. Алгачкы этапта 455 усулчу Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүшөт. Андан соң алар аймактарга чыгып, жер жерлердеги мугалимдер үчүн окутууларды жүргүзүшөт.

Окутуу модулдары жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык иштелип чыкты.
Аталган окуу модулдарын төмөнкү мамлекеттик мекемелер биргелешип даярдаган:
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Кыргыз билим берүү академиясы
«Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси
Азема Сабырбекова