Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен быйыл Токтогул шаарында масштабдуу курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 16,4 чакырымды түзгөн 11 көчөгө асфальт төшөлүп, 7,76 чакырым жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулат.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу үчүн Турукташтыруу фондунан жалпысынан 436,8 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул каражат төмөнкү багыттарга жумшалат:

Долбоордук-сметалык документтер: Документтерди даярдоого 3 млн 47 миң сомдук жумуштар аткарылды.
Ички көчөлөрдү асфальттоо: Шаардын ички көчөлөрүн асфальттоого 317 млн 862 миң 239 сом талап кылынат.

Таза суу инфраструктурасы үчүн 115 млн 890 миң 761 сом каралган.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, каралып жаткан 16,4 чакырым жолдун 9,5 чакырымы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында колдонууга берилет.

Бул чечим алдыда жүзөгө ашуучу «Таза Суу» долбоорунун 2-фазасын эске алуу менен кабыл алынды. Тактап айтканда, 1-фазада бүткөрүлгөн көчөлөр камтылып, ал эми бүтө элек бөлүгүндөгү негизги кең көчөлөр долбоорго толугу менен киргизилди.
Учурда тиешелүү курулуш иштери башталып, жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун толук аяктоо мөөнөтү боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.
Азема Сабырбекова