24-июль 2026-жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясында райондук коллегиянын жыйыны өтүп, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер талкууланды.

Коллегияны Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Тимур Мадяров жетектеди.
Жыйындын күн тартибинде үч негизги маселе каралды. Алгач райондун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер тууралуу Экономика секторунун башчысы Назгүл Осмонова менен Социалдык сектордун башчысы Айнагүл Кудайбергенова маалымат беришти.
Экинчи маселе катары райондогу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Бул боюнча Социалдык сектордун башчысы Айнагүл Кудайбергенова жана Түп райондук Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башкы дарыгери Кубанычбек Уметалиев баяндама жасашты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы №181 Жарлыгынын аткарылышы, тактап айтканда, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын Уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Шайырбек Кожобекова маалымат берди.
Кошумча маселелердин алкагында райондук электр тармагынын башчысы А. Асанбаев, райондук салык кызматынын башчысы К. Садыбакунов жана Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Р. Кувандыков өз тармактарындагы иштер боюнча маалыматтарды сунушташты.
Жыйындын соңунда аким Тимур Мадяров тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, коллегия мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлери жана айтылган сын-эскертүүлөр эске алынып, алдыдагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров