«Соң-Көл» орто мектебинин 10-11-класстарына Соң-Көл медиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Ийгиликти кантип жаратса болот?» деген темада электрондоштурулган семинар-сабак өткөрдү. Мында Москвадагы Гулнур Темиркулованын ишмердиги, ийгиликтери, кесипкөйлүгү жөнүндө сөз болду.
Окуучулар эмнегедир ийгилик жаратууда акча болуш керек деген түшүнүктү карманышат, дейт Бурул Майрамбек кызы.
«Бул сабакты мен «Ийгилик деген эмне, ага кантип жетүү керек? деген суроо менен баштадым. Бирок, окуучулар ийгилик жаратууда билим алыш керек деген маселени четке кагып жатышты. Алардын түшүнүгүндө ийгиликтин ачкычы — бул акча деп ойлошот экен. Дароо сабакты башка нукка буруп, акчасыз эле ийгилик жараткан айыл тургундарынан мисал келтирип, аларды бир аз ынандырдым. Андан кийин гана алар өз ойлорун өзгөрткөн соң, акчасыз эле ийгилик жараткан Москвадагы мекендеш кызыбыз Гулнур Темиркулованын окуясы менен тааныштырдым», — дейт Бурул Майрамбек кызы.
Гулнур Темиркулова Москвага иш издеп барган эмес, ал алгач ал жактан юридикалык кесип алууну самап барган, бирок окууга бир нече себептер тоскоол болуп, кайра мекенине кайтып баруунун ордуна ал жактан иштеп, андан соң гана билим алууну көздөгөн. 2016-жылдары сулуулук салону деген түшүнүк анча өнүгө электе салон ачып, өзүнө кардар топтоп, ийгиликтерди багындыра баштаган. Ал ар бир ийгиликти акча менен байланыштырбайт, ийгилик-мээнет, кесипкөйлүк, тажрыйбанын мыктылыгы, адамдар менен пикир алышуудагы жөндөмдүүлүк менен келет деп ишенет.
Бегимай Абылова 11-класстын окуучусу: «Келечекте котормочу болгум келет, бул кыялдарым ишке ашат деп ишенем, себеби, азыркы учурда англис, япон, корей тилдерин онлайн окуп үйрөнүп жатам. Чыгыш өлкөлөрүнө баруу кыялдарым бар, ал жакта жашап калуу эмес, алардын тарыхын, баалуулуктарын, салттарын изилдегим келет. Гулнур Темиркулова эженин тырышчаак сапаты абдан жакты. Бир тепкичтен куласаң артка басып кетүү жок, болгону алдыга, кыял-максаттарга жылыш керек экен. Менде бул сапат жок болчу, бир аз тартынчаак элем, бирок ийгиликке жетүү үчүн өзүмдү өнүктүрсөмбү деген ойго келдим»,-дейт.
«Азыркы учурда көп окуучулар ЖРТ сынагынан төмөн балл алып, окууга тапшыра албай, чет жакка чыгууну дароо пландаштырышат. Чет жактан күнүмдүк акча үчүн иштешип, көп кыялдарына жетпей калышат. Ал эми бүгүнкү сабактан мындай көйгөйлөрдөн кантип чыгуу керектигин үйрөндүм. Мисалы ар кандай курстарды окуп, чакан бизнес ачып, убакыт өткөн сайын ал бизнести чонойтуп алса болот экенин түшүндүм. Гулнур Темиркулованын ишкерлигине баа бердим, өзүн сүйгөн, өзүн баалаган инсан экен деп тааныдым»,-дейт 10-класстын окуучусу Назима Аскатова.
Бул семинар сабакка катышкандардын көпчүлүгү чет мамлекетке чыгуу кыялдары бар экенин жашырышкан жок. Кыялдарды орундатуу үчүн билимдүү болуш керек, чет жакка чыгууда ийгиликтерди билим менен багынтуу керек экендиги жөнүндө толук маалымат алышты.
Хадижа Төлөбалдиева