Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …
«Соң-Көл» орто мектебинин 10-11-класстарына Соң-Көл медиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Ийгиликти кантип жаратса болот?» деген темада электрондоштурулган семинар-сабак өткөрдү. Мында Москвадагы Гулнур Темиркулованын ишмердиги, ийгиликтери, кесипкөйлүгү жөнүндө сөз болду.
9-класстан баштап бизнес менен алектенип баштаган Гулнур Темиркулова ишкерлигин Москва шаарынан уланткан. Алгач сулуулук салонун иштетсе андан ары өз билимдери менен бөлүшүп окуу курсун дагы ачкан. 7 жылдан бери бир …