Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейинде волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Турнир Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери Токтогулов Орозобек жана Сыргак уулу Жанарбек тарабынан уюштурулуп, оюндун жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер берилди.
Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан кесиптик лицейде өлкөнүн алыскы аймактарынан келген окуучулар билим алышат. Алар лицейдин жатаканасында жатып окугандыктан, бош убактыларында спорттук оюндарга кызыгуусун арттыруу максатында байма бай турнирлер өткөрүлүп турат.
Турнирдин катышуучулары
Бул жолу волейбол оюну боюнча турнир өткөрүүнү лицейдин бүтүрүүчүлөрү Токтогулов Орозобек менен Сыргакбеков Жанарбек уюштурушту. Турнирге жатаканада жашаган жалпы окуучулар катышып, оюн кызуу болду. Жылдан жылга лицейдин жаштары арасында спортко кызыккандар көбөйүп, сабактан кийин спорт залда жаштардын саны өсүүдө.
Кесиптик лицейде кыздар командасы да жеңишке ээ болуп, көп ийгиликтерди багынтууда
Турсун Омуралиева