Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Медетбек Осмоналиев жерди тамчылатып сугаруу иштери менен алектенет жана башка дыйкандарга сугаруунун ушул методун сунуштайт. 2015-жылы тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга өкмөт кеминде эле 30 миллион доллар кароону пландап жатканы дагы айтылган.
Медетбек Осмоналиев бакчасына карагат, кулпунай тигип, техниканын өнүгүшү менен жаңы технологияны орнотуп тамчылатып сугаруу менен өстүргөнгө аракет кылып келүүдө. «Тамчылатып сугаруу үнөмдүү болот. Себеби, керектүү жерлер гана сугарылат, ашык суу сарпталбайт. Сууну болсо Ара-Көл айылындагы көлдүн суусу арык аркылуу келип, бассейнге 3-4 сааттын ичинде толот жана суу 2-3 күнгө жетет», -деп билдирет дыйкан.
Суу сиңип кетпөө үчүн плёнка жаткырылган. Эгерде тамчылатма системасын колдонбогондо күнүнө 3-4 эсе көп көлөмдөгү суу жумшалат. Тамчылатма системасынан ашып калган суулар кайра бассейнге куюлат.
Дыйкандын бакчасына 3 түрдөгү 100 түп карагат жана кулпунайдын 3 түрү тигилген. Келечекте алмурутту дагы тамчылатма система аркылуу сугара баштоо боюнча пландары бар. Медетбек Осмоналиевдин бул ишке аралашканына уулу түрткү берген.
Айтолкун Үсөйүнова, Назик Майрамбек кызы