Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин жамааты быйылкы жылы жер тилкелерине кулпунай өстүрүүдө. Эрте күздө отургузулган кулпунайдын альбион жана клери сорттору келерки жылга түшүм алууга даярдык болот. Ал эми келерки жылы кулпунайдан тапкан кирешени окуу жайдын материалдык техникалык базасын жакшыртууга максат кылышууда.
Бул окуу жай көп жылдан бери айыл чарба өндүрүшүнүн устаты кесибине адистерди даярдап келет. Окуу жайдын айланасында күнөсканалар салынып, кышкысын дагы жер жемиштер өстүрүлөт. Ал эми быйылкы жылы кесиптик лицейдин жамааты кулпунай өстүрүп киреше табууну көздөштү.
Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты Мээрим Медетованын айтуусу боюнча жерди да туура иштетүү менен жакшы киреше тапса болот. «Биз быйыл кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиевдин демилгеси менен кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын изилдеп баштадык», — дейт Мээрим Медетова.
Турсун Омуралиева