Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде окуучулар америкалык Уильям Женкинс (William Jеnkins) менен иш алып барышууда. 22 жаштагы Уильям Кыргызстанга Американын Вирджиния штатынан келген.
Уильям азыркы тапта мектеп окуучулары үчүн атайын ийрим ачып, иш алып барууда. Аны менен иштөө окуучулар үчүн абдан кызыктуу.
Сабак учурунда
Чет тили сабагынын мугалими Канымжамал Жуматаеванын айтымында ыктыярчы менен иш алып баруу үчүн алар Тынчтык корпусуна кайрылуу кылышкан. «Биз былтыркы окуу жылында Тынчтык корпусуна ыктыярчы менен иш алып барууга атайын кайрылуу киргизгенбиз. Жайында Тынчтык корпусу мугалимдерге атайын семинар уюштуруп, ыктыярчылар менен иш алып баруу боюнча окутуулардан өттүк. Азыркы тапта мектебибизде Уильям менен иш алып баруудабыз».
Окуучулар менен иштөө
Кыргызстанга жалпысынан 26 ыктыярчы келип, атайын окуудан өтүп, ар кайсы аймактарга бөлүнүшкөн. Нарын облусу боюнча жети ыктыярчы бөлүнүп, анын ичинен Нарын районунун Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Уильям Женкинс келген.
Сезимай Эркегулова