Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жашаган 16 жаштагы Айдана Шарыпжанова үчүн бул күн анын жашоосундагы өзгөчө барак болуп калды. Ал бүгүн өзүнө тиешелүү “Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик акт” документин колуна алып, өзүнүн келечегине чоң ишеним менен кадам таштады.
АйданаШарыпжанова; “—Менин кубанычымда чек жок, сүйүнүчтөн ыйладым. Себеби, өз үйүм болот деп эч ойлогон эмесмин. Бул — мен үчүн чоң үмүт, жаңы башталыш. Эми мындан ары аракет кылып, билимге умтулуп өз келечегимди курам,” — дейт ал жылмая.
Бул кубанычтуу учур Сокулук районунун прокуратурасынын көзөмөл иш-аракеттеринин жана Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду. Райондук прокуратура кызматкерлери мыйзамда көрсөтүлгөн балдардын турак жай укуктарынын аткарылышын текшерип, турак жайга муктаж болгон Айданага кезексиз негизде жер тилкесин берүү маселесин чечишкен.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сокулук районунун прокурору Мелис Калматов Айданага документти өз колу менен тапшырды. Ал жаш кызды билим алууга, келечекке ишеним менен карап, өз кыялы үчүн аракеттенүүгө үндөдү.

Сокулук районунун прокурору Мелис Калматов
Ал эми прокурордун жардамчысы Адилет Исланов Айдана менен баарлашып, анын окуусу жана кыялдары тууралуу сурап, “Билим — келечектин ачкычы” экенин эскертип, моралдык колдоо көрсөттү.

Сокулук райондук прокуротурасы; Адилет Маратбекович Айдананы кабыл алуу учурунда
Бул ийгиликке жетишүүдө Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Абдыкеримовдун да эмгеги зор. Ал Айданага жана аз камсыз болгон балдардын укуктарын коргоо, социалдык колдоо көрсөтүү багытында активдүү иш жүргүзүп келет.

Жаңы-Пахта айыл өкмөт башчысы Максат Абдыкеримовдун кабыл алуусунда
Айдананын окуясы — бул жөн гана бир документтин тапшырылышы эмес. Бул — мамлекеттин жана коомдун камкордугу жаш жүрөктүн келечегин жарык кылган үлгү. Мындай демилгелер жаштарга ишеним берип, алардын “мен да колумдан келет” деген сезимин ойготот.
Бул күнү Айдана өзүнүн өмүрүндө биринчи жолу жеке менчикке ээ болуу кубанычын сезди. Анын колундагы кызыл китеп— келечекке ачылган чоң эшик.