Токтогул шаарында учурда 750 орунду жаңы мектептин курууу иштери башталды. Курулуш ишин Жалал-Абад Айылэнерго ЖЧКысы жүргүзүп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын турукташтыруу фондунан 450 миллион сом каралган. Долбоордун ишке ашуусу менен аймактагы окуучуларга заманбап билим берүү шарты түзүлмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, Токтогул шаарында бир катар социалдык маанидеги ири долбоорлор ишке ашууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев маалымдады.

Аталган долбоорлордун алкагында Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Ошондой эле, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу да жүрүүдө.

Мындан сырткары, 150 орундуу бала бакчанын курулушу, шаар аймагында жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн 40ка жакын көчөгө асфальт төшөө жана 14 чакырымдан ашуун тротуар куруу иштерине даярдыктар көрүлүп, иш кагаздары бүткөрүлүп, подрядчик компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Курулуш иштери этап-этабы менен башталып, бүткөрүлөрү күтүлүүдө.

Бул долбоорлор Токтогул элинин жашоо шартын жакшыртып, шаар инфраструктурасын жаңыртууга багытталган чоң кадам болуп саналат.
Даярдаган: Азема Кудуева.