Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында билим берүү багытында маанилүү иш — айылдык мектепке жаңы кошумча корпус курулуп жатат. Бул имарат 275 окуучу үчүн ылайыкталып, заманбап билим берүү талаптарына жооп берген шарттар менен жабдылмакчы.

Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, 2025-жылы башталып, 2027-жылы толук пайдаланууга берилет деп пландалууда. Курулуп жаткан билим ордосунда кең класстар, китепкана, лаборатория, компьютердик бөлмө, спорт залы жана бардык санитардык шарттар каралган. Бул билим берүү мекемеси айылдагы жаш муунга сапаттуу билим алууга жол ачат.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Куруучулар ар бир ишке кылдат мамиле жасап, сапатка өзгөчө көңүл бурууда. Айыл тургундары бул аракетти колдоп, жаш балдардын келечеги үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Бул мектептин курулушу мамлекеттин колдоосу менен каржыланып жатат . Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул мектеп Терек-Суу айылындагы билим деңгээлин көтөрүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасир этет деп белгилешүүдө.
Бул мектеп – жаңы келечекке жол ачкан билим ордосу болот.
Даярдаган: Айданек Жусупбекова.