Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө 24-октябрда «Кыз-жигит сармердени» болуп өттү.
Дөбөлү айыл өкмөтүндө маданий иш-чаралардын алкагында “Кыз-жигит сармердени” оюну өткөрүлдү. Иш-чарага Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аппарат жана маданият кызматкерлери, Чет Нура айыл аймагынын маданият кызматкерлери, Нарын районунун зам акими Элвира Жанболотовна, Нарын райондук маданият үйүнүн бөлүм башчысы Нуева Жумагүл баштаган жетекчилер катышышты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү болуп Дөбөлү айыл өкмөтүнүн ардагерлери катышып, катышуучуларга ак батасын беришти.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу тапшырмалар жана улуттук оюндар менен коштолду.


Жыйынтыгында: Жигиттер жамааты — 21 упай
Кыздар жамааты — 21 упай
деп тең чыгышып, достук жана ынтымак үстөмдүк кылган маанайда иш-чара жыйынтыкталды.

Бардык катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылып, көңүлдүү кечеге айланды.
