Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучулары «Акыл таймаш — 2025» республикалык сынагына катышып келишти
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тапшырмасына ылайык 2025-2026-окуу жылында «Акыл таймаш-2025» республикалык интеллектуалдык сынагына Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 7-классынын окуучулары
1.Сапарбекова Адинай Саматовна
2.Журорова Адинай Акылбековна
3.Касенов Баяман Кумарбекович
4.Кенжебеков Алишер Кенжебекович 5.Журорова Аэлита Канатовна катышып кайтышты.

Бул таймашта математика,тарых, кыргыз тили жана адабияты, география, улуттук нарк багыттары боюнча суроолор түзүлүп берилди.
«Акыл таймаш-2025» сынагы Бишкек шаарындагы Улуттук телерадио корпорациясынын «Баластан» студиясында тартылды.

Жетектеп алып барган жана даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими Акишева Света Аскарбековнага мектеп жетекчилиги жана мектеп жамаатынын атынан ыраазычылык билдирилди.

Мындай таймаштар окуучулардын ой- жүгүртүүсүн өстүрүүгө, билимге болгон умтулуусун күчөтүүгө өбөлгө болот.
Б.Макилова