Терек-Суу айылынын кире беришиндеги символго айланган арка дагы бир жолу жаңыланып, айылга өзгөчө көрк тартуулады. Арканын жанына айыл тургуну, уста Акун Сабырбеков өз колу менен жасаган кооз бүркүт көп жылдан бери айылдын сыймыгы болуп келген. Ал бул скульптураны дайыма өзү карап, оңдоп, көзөмөлдөп турган.


Бүгүнкү күнү айыл башчысы Рустам Алманбетов демилгеси менен аталган бүркүт кайрадан жаңыланып, сүрөттөр тартылып, көркүнө көрк кошулду. Бул иштерге айылдагы “Кызгалдак” бала бакчасынын жетекчиси жана сүрөтчү эжекелер активдүү катышып, биргеликте жаңылоо иштерин жүргүзүштү.


Жергиликтүү тургундар бул демилгени жылуу кабыл алып, «Кызгалдак» балдар бакчасынын жааматына, Акун устага жана айыл башчы Рустамга ыраазычылыктарын билдиришти. Бул — жергиликтүү тургундардын ынтымагын жана айылга болгон сүйүүсүн дагы бир жолу далилдеген көрүнүш болду.


Даярдаган: Азема Кудуева.