Кыргызстандын кант өнөр жайы үчүн 2025-жылдын айдап-себүү сезону татаал болду. Аба ырайы өзүнүн ролун ойноп — жаз суук түшүп, мөндүр жаагандыктан, үрөндү эки жолу себүүгө туура келип, түшүмдүүлүк эки эсеге кыскарды. Дыйкандар түшүмүн жыйнап “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдору кызылчаны кайра иштетүүгө киришти. План боюнча болжол менен 60 миң тонна кумшекер өндүрүп, ички керектөөнүн басымдуу бөлүгүн камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Жаз айлары кургак чыкты
Өткөн жылы Чүй жана Талас облустарында 1 млн тоннага жакын кант кызылчасы жыйналган. Ал кезде аба ырайы ойдогудай болсо, быйыл абал андай эмес. Дыйкандар алгач 15 миң 500 гектар жерге эгин айдашкан, бирок аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, өзгөчө жазында болжол менен 2,5 миң гектарга башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүгө туура келди. Натыйжада эгин жыйноо мезгилинде болгону 13 мин гектарга жакын кант кызылчасын жыйноочу аянт калган. Күтүлүп жаткан түшүм болжол менен 550 миң тоннаны түзөт, бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз.

“Кант кызылчасын өстүрүү — бул алты айлык үмүт. Аны бала баккандай эле бапестеп, кам көрүш керек. Мен төрт гектар жер айдадым, бирок мөндүрдөн улам кайра себүүгө туура келди. Анткени биринчи түшүм толугу менен жокко чыкты”, — дейт дыйкан Адыл Асылбашев.
2025-жылы орточо түшүмдүүлүк гектарына 40-45 тоннаны түзөт, ал эми канттуулугу былтыркы көрсөткүчкө дал келип, 16-16,5% деңгээлде сакталат.
Завод менен дыйкандардын ортосунда келишим жазында түзүлөт. Төлөм ыкмасы боюнча 30% накталай жана 70% даяр кант менен берилет. Эгерде дыйкан кааласа, бардык төлөмдү кант менен ала алат. Орточо эсеп менен кызылчанын тоннасынан 74-77 кг кант өндүрулөт. “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кайра иштетүүчү заводдору менен жылына 3 миңге жакын фермер иш алып барат.
Санариптештирүү: Дыйкандар телефондон баарын көрүп турушат
Миңдеген фермерлер менен өз ара аракеттенүүнү оңой башкаруу үчүн заводдогулар бир нече жыл мурда мобилдик тиркемени иштеп чыгышкан. Ошондон бери алар ар бир сезондо анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, көбүрөөк өндүрүш процесстерин оптималдаштырууда.
Ага ылайык дыйкандар эми кызылчасын ташыган машина кабыл алуу пунктунан чыккандан кийин дароо телефондорунан түшүм тууралуу бардык маанилүү статистиканы көрө алышат. Тиркеме кызылчанын салмагын, кирдүүлүгүн жана канттуулугун чагылдырылат.
Ошондой эле мында кант биржасы да иштейт. Анда фермерлер сатуу үчүн каалаган көлөмдөгүн кантын көрсөтө алат. Быйылкы жылы пилоттук долбоор катары кызылчаны тапшыруу учун электрондук кезекке туруу ишке киргизилди. Өткөн сезондун тажрыйбасы көрсөткөндөй, жүк түшүрүү учурундагы тыгын жана техникага болгон суроо-талап өсүп, дыйкандардын чыгашасын көбөйткөн. Электрондук кезекке туруу процессти оптималдаштырууга жана кызылча кабыл алуучу пункттарда жук ташуучу машиналардын узун кезегин жокко чыгарууга жардам бериши күтүлөт.
Тамырдан кристаллга чейин: кант кантип жасалат

Талаадан келген кызылчанын кристалга айланышына чейинки сапары бир суткага жетпеген убакытты талап кылат, бирок тактык жана көзөмөл менен көптөгөн этаптарды өзүнө камтыйт. Мунун баары кабыл алуу пунктунан башталат. Ар бир үчүнчү-бешинчи унаадан алынган кызылча лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт: автоматтык шаймандар кызылчанын улгусун алат, таразага тартылат, тазаланат жана кайра таразага тартылат. Салмагынын айырмасы булгануунун деңгээлин көрсөтөт — бул партиянын наркын эсептөөдөгү маанилүү фактор.
Андан кийин кызылчалар үйүлгөн талааларда жарактуулук мөөнөтү боюнча сорттолот: кээ бир партиялар дароо иштетүүнү талап кылса, кээ бири күтө турат.
Андан кийин, кайра иштетүү башталат. Кызылчалар суунун агымы менен кылдаат жуулуп, кири, чөптөрү жана калдыктары алынып салынат. Тазалангандан кийин алар майдаланып кесилип, диффузиялык блокко жөнөтүлөт. Ал жерден ысык суу кантты жууп, кызылчанын ширесин жана калдык массасын бөлүп чыгат.
Алынган шире тазалоонун бир нече этабынан өтөт. Биринчиден, ал акиташталган, кирлерди бириктирүү үчүн акиташ сүтүн кошуп, андан кийин көмүр кычкыл газы аркылуу өтөт — бул процесс сатурация деп аталат. Чыпкалоо жолу менен тунук масса пайда болот. Тазаланган шире буулантууга жөнөтүлөт: болжол менен 100°С температурада ашыкча нымдуулук алынып, ал кургак заттын курамы болжол менен 65% болгон сиропко чейин коюуланат.
Сироп вакуум- аппаратына берилип, ал жерде азайтылган басымда кантка чейин кайнатылат. Кристаллдар чөктүрүлөт жана центрифугада сироптон бөлүнүп чыгып, нымдуу кант кургатууга жөнөтүлөт.
“Бардык станциялар автоматташтырылган. Процессти компьютер аркылуу операторлор көзөмөлдөп турушат. Процесстин графиги так сакталып, кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп калса, нөөмөт башчысы аны дароо оңдоп турат. Бирок, эреже боюнча, баары үзгүлтүксүз иштейт”, — деп билдирди “Кошой” заводунун башкы технологу Гүлнара Олейник.
Кургатылган кант муздайт, сапаты текшерилет жана ГОСТ стандарттарына ылайык лабораториядан тастыкталат: сахарозанын курамы 99,7%, нымдуулугу 0,1% ашпайт. Андан кийин продукт 25 же 50 кг баштыктарга салынып таңгакталат да, кампага сактоого жөнөтүлөт.
Кампада 18-19°С температурада сакталган даяр кант кезектеги жөнөтүүнү күтөт. Ондогон миң тонналар кылдаттык менен үйүлүп, керектүү көлөмүн жумушчулар жук ташуучу машиналарга жана вагондорго жүктөшөт.
Кызылча заводго келгенден тартып даяр продукцияга айлангага чейин 8-9 саат кетет. Завод толук кубаттуулукта иштегенде суткасына 3000 тоннага чейин кызылчаны кайра иштетип, 420—450 тонна кант берет. Бул жумушчулардын, машиналардын жана лабораториянын так синхронизациясынын натыйжасы болуп саналат.

Учурдагы сезондун натыйжалары
2025-жыл ичинде эки ишкана — “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” биргелешип 60 мин тоннага жакын кумшекер өндүрүүнү пландаштырууда. Бул өлкөнүн ички керектөөсүнүн болжол менен 60% камсыздап, жылына 120 -150 миң тоннага бааланат. Бирок, тартыштык болот деген кооптонууга эч кандай негиз жок: мурунку жылдын рекорддук жыйынтыгы жана импорттук кубаттуулук туруктуу камсыздоого кепилдик берет.
“Бизде өткөн жылдагы канттын запасы бар экенин эстен чыгарбаш керекбиз. Керек болсо Беларусия, Россиядан дагы импорттосок болот. Андыктан тынчсызданууга негиз жок — Кыргызстанда кумшекер жетиштүү”, — деп билдирди “Кошой” ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды-Кант” ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев.
Өндүрүүчүлөр Кыргызстанда кант өндүрүү рентабелдүүлүктүн чегинде турганын моюнга алышат. Заводдор өз кызматкерлерин кармап турушат — сезондо 1400гө жакын жумушчу жана сезондон сырткары учурда 800 жумушчу — жабдууларды тейлеп, өндүрүш линияларын модернизациялашат. Анткени менен бирок узак мөөнөттүү инвестициялоого өнөр жай өтө албай жатат. Бирок ишканалардын социалдык ролу абдан чоң — Чүй жана Талас облустарынын 100 000ге жакын тургуну кант өнөр жайы менен алектенишет.

“Кант кызылчасы — өтө татаал айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири. Ал сууну, дыйканчылыкты, ак эмгекти көп талап кылат. Ошондуктан кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү өзгөчө мааниге ээ. Заводдорду толук кандуу пайдаланып, рентабелдүүлүктү камсыз кылуу зарыл. Ошондо биз канттын баасын арзандатсак болот”, — деп белгиледи “Кошой” кант заводунун директору Павел Немченко.

Октябрдын акырына карата Кыргызстандын кант заводдору стабилдуу иш ыргагына чыгышат. Быйыл түшүм аз болгондуктан кайра иштетүү былтыркыдан кеч башталды. Буга карабастан, өнөр жай туруктуу бойдон калууда: заводдор токтоп турган жок, ал эми фермерлер көлөмү азайса да, түшүмүн берүүнү улантууда жана кийинки эгип себүүгө, азыртадан эле камданып жатышат.
Айгүл Молдобекова