Быйылкы жылы Казакстанда 25 миң гектардан 18 миң гектарга чейин кант кызылчасынын аянтынын кыскарышы тууралуу жаңылыктардын толкунунуда Кыргызстанда абал канчалык туруктуу? – деген суроо жаралат. Ата мекендик өндүрүш бул тармактагы жетишилген темпти андан ары өнүктүрүп, сактап кала алабы?
Өткөн жылдын жыйынтыгы
Өткөн жылы ата мекендик фермерлер жана кантты кайра иштетүүчү заводдор рекорддук көрсөткүчкө жетишкен. КРнын кант кызылчасы тармагындагы айдоо жерлерин 15 миң гектарга чейинки аянтын калыбына келтирүү үчүн беш жыл убакыт талап кылынган жана 2024-жылкы сезондо рекорддук 1 млн тонна түшүм алынганга жетишти.
Бул «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кайра иштетүүчү ишканаларынын өндүрүш көлөмүн бир топ көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Сезондун акырына чейин 120 миң тоннага жакын кант алынган. Кыргыз фермерлери өстүргөн кант кызылчасынан алынган ата мекендик сырьедон өндүрүлгөн кант менен Республика өзүн 100% камсыздады.
Бүгүнкү күндө заводдордун кампаларында 70 миң тоннага жакын кант сакталууда
Мынча көлөмдөгү сырьену кайра иштетүүгө жетишүүгө заводдорду өз убагында модернизациялоо жана дыйкандар менен иштин жакшы нукка салынышы мүмкүндүк берген. Себүү кампаниясы башталганга чейин алар менен келечектеги түшүмдү кабыл алууга кепилдик бере турган келишим түзүлөт. Ошондой эле фермерлер европалык сапаттуу үрөн менен камсыздалышат.
Маанилүү көрсөткүч, былтыр Казакстан кант кызылчасынын дүң жыйымы 1,3 миллион тоннадан жогору болсо да, кайра иштетүүчү кубаттуулуктун жетишсиздигине дуушар болгон. Түшүмдүн бир бөлүгү өсүп жаткан региондон сырткары, анын ичинде Кыргызстандын аймагында кайра иштетүүгө туура келген.
КРнын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын “Кант” кластеринин жетекчиси Алмаз Алтыбаевдин сөзүнө караганда, атамекендик ишканалардын кызылчасы кайра иштетилип бүткөндөн кийин гана Казакстандын кызычасы кабыл алынган:
«2025-жылдын январь айынан февраль айына чейин «Кошой» заводуна көлөмү 19 322 тонна болгон 294 вагон кант кызылчасы жөнөтүлүп, анын 16 375 тоннасы жарактуу салмак катары кабыл алынган. Өндүрүлгөн канттын көлөмү 1 564 тоннаны түзүп, даяр продукция Меркен кант заводуна жөнөтүлгөн».
Казакстанда кант заводдорун куруу жана модернизациялоо боюнча ири долбоорлор пландалганы менен, алардын көбү 2026–2027-жылдарга пландаштырылган. Ушул себептен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги быйылкы сезондо эгин айдоо аянтын 25 миң гектардан 18,4 миң гектарга кыскартууга аргасыз болууда. Бул чечим иштетүү кубаттуулугунун чектелгендиги жана аны модернизациялоодогу кечигүүлөргө байланыштуу.
Бардык күч аракеттерге карабастан, Казакстан канттын импортолушуна көз каранды бойдон калууда. 2024-жылы өлкөгө 373,2 миң тоннага жакын кумшекер импорттолгон, бул жалпы керектөөнүн болжол менен 60%ын түзөт. Негизги булак Россия, Бразилия жана Беларусия бойдон калууда.
Кыргызстан темпти сактай алабы?
Атамекендик кант өнөр жайынын өкүлдөрүнүн айтымында, кант кызылчасынын түшүмү жана кантты өндүрүү көлөмү кыскарат деп, кооптонууга негиз жок.
Кыргызстанда кант кызылчасынын негизги бөлүгү салттуу түрдө бул өсүмдүк үчүн эң ылайыктуу аймак болгон Чүй облусунда, ошондой эле Талас жана Ысык-Көл облустарында өстүрүлөт. Жыл сайын ишканалар 3600дөн ашык айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен кызматташат.
«Быйылкы жылы 15-16 миң гектарга жакын кант кызылчасын айдоо күтүлүп жатат. орточо эсеп менен ар бир гектардан 50 тоннадан түшүм алсак, 750-800 миң тонна кант кызылчасын алабыз. Бул көлөмдөр өткөн жылдагыдай эле республикабызды өзү өндүргөн кант менен камсыздоого жетишет. Айдоо аянттарын кыскартуу тууралуу кеп жок», — деп билдирди Алмаз Алтыбаев.
Ата мекендик заводдор чийки заттын болжолдонгон көлөмүн көтөрө албайт, деп кооптонууга да негиз жок. «Кошой» менен «Кайыңды-Кант» биригип суткасына 6800 тоннага чейин кант кызылчасын кайра иштетип чыгууга кудурети жетет. Бул тапшырма толугу менен аткарыла тургандыгын былтыркы жыл далилдеди.
Кыргызстанда эгин себүү иштери башталды жана апрель айынын ортосуна чейин уланат
“Каинды Кант” ААКнун сырье департаментинин директору Руслан Рафибековдун айтымында, быйыл дыйкандарды бир нече жаңылык күтүп турат:
«Биздин негизги милдетибиз дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жана иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү. Быйыл биздин адистер М-Банк менен биргеликте ислам принциптери боюнча каржылоонун жаңы багытын ишке киргизишти. Мындай колдоону алыш үчүн фермерлер үрөнгө буйрутма берүүдө бир нече жылдан бери колдонуп келген мобилдик тиркемедеги –жеке кабинетине кайрыла алышат. Бардыгы онлайн болот – банкка баруунун кажети жок, болгону смартфон керектелет».
Ошол эле учурда өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү шарттары да жаңыртылган: эми келишимге ылайык, түшүмдүн сапатына көп көңүл бурулат. Бул Кыргызстандын кант кызылчасы тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана дыйкандардын ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн адилеттүү системасына өтүүгө багытталат. Эгер баары пландагыдай болсо, Кыргызстан быйыл да өзүн кант менен камсыздай алат. Албетте, көп нерсе фермерлерден, аба ырайынан жана башка факторлордон көз каранды.
Айгүл Молдобекова