Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 1926-жылы негизделсе, Ак-Талаа райондук статистика бөлүмү 1939-жылдын ноябрь айында “Эл чарбасынын эсеп башкармасы” катары түзүлгөн. Ошондон тарта бөлүм райондогу мекеме-ишканалардын, колхоз-совхоздордун эсебин жүргүзүп, калкты жана малды каттоо иштерин уюштуруп келген.
Айрыкча статистика тармагынын райондогу өнүгүүсү 1971-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө бөлүм калк жана экономика боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана эсепке алуу иштерин жүргүзүп келет.
Бөлүмдүн жетекчиси Алынбек Андашов акыркы жылдары мекемеде бир топ жаңылануулар болгонун билдирди. Анын айтымында, статистика бөлүмүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Азыр мекемеде 6 адис эмгектенсе, бардыгы оргтехникалар менен камсыз болгон жана интернет түйүнүнө туташтырылган. Мындан сырткары ар бир айыл өкмөттө бирден статист эконмист бар, алар келишим менен иштешет. Эң чоң өзгөрүү катары-2026-жылдан баштап статистикалык отчеттор электрондук форматка өткөрүлүп, учурда сыноодон өтүп жатканын белгилей алам.
39 мекеме-ишкананын бухгалтерлерине жана 9 жеке ишкерге логин, пароль берилип, келишимдер түзүлдү. Сынактан толук өткөрүлүп бүтсө , ар бир отчетко тиешелүү респонденттер өздөрү мекемеге келип отчет тапшырбастан, аралыктан тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошол эле учурда айрым отчеттор электрондук форматта бериле баштады”-деди ал.

Экономист, математик жана IT адистигине ээ жарандар статист болуп иштей алышат.
Учурда жаштар арасында статистика тармагына кызыгуу бар, бирок адистердин кесипкөй болушу үчүн жогорку окуу жайларда статист кесибине даярдоо үчүн атайын бөлүмдөр ачылса жакшы болот деп эле деп кошумчалады А.Андашов.

Эске салсак,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети быйыл 100 жылдык мааракесин белгиледи.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова