Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектеби өз ишин жыйынтыктады. Долбоор ИСУР коомдук фондунун колдоосу жана демилгеси менен ишке ашты.

«Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектебинин мүчөлөрү
Бул долбоор 2 ай убакытка созулуп, окуучулар экологиялык ой жүгүртүүсүн, лидерлик көндүмдөрүн жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча практикалык компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө
Аталган иш-чарага мектеп администрациясы жана окуучулар катышты. Төрт топ Кахут платформасы аркылуу ойношуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

1-орунду алган команда

2-орунду камсыз кылган команда

Айша Баатырбек кызы-долбоордун катышуучусу
Аталган долбоордун катышуучусу, 9-класстын окуучусу Айша Баатырбек кызы бул долбоордон көп пайдалуу нерсе алганын айтты:
» Долбоордо экологиялык билим алдым, жайыттарды кантип сактоо керектигин, Соң-Көл көлүндөгү көйгөйлөр, Рамсар конвенциясы тууралуу кызыктуу маалыматтарды ала алдым. Жыйынтыгында биздин топ 1-орунду ээледи.

Умар Кыдыров-долбоордун катышуучусу
Долбоордун дагы бир катышуучусу Умар Кыдыров оюн мындайча бөлүштү:
«Эки айга созулган долбоор мен үчүн абдан пайдалуу болду. Жаратылышка болгон мамилем өзгөрдү. Келечекте мектебиме жана айылыма салым кошкум келет. Долбоорду ишке ашырган ИСУР коомдук фондунун жетекчилерине ыраазычылык билдирем жана мындай долбоорлор көп болсо деп ойлойм».
Даярдаган: Бакыт Кожокматов