ИСУР коомдук фондунун колдоосу жана демилгеси менен Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектеби өз ишин баштады

Курстун катышуучулары
«Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектебине 7-10-класстын окуучулары катышып жатышат. Катышуучулардын жалпы саны 20 окуучу. Бул курстун максаты окуучулардын ой жүгүртүүсүн, лидерлик көндүмдөрүн, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо, ошондой эле жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча практикалык компетенттүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Окуучулар тапшырмаларды аткарып, жактап жатышат
Окуучулар төрт топко бөлүнүп ар бир топко тапшырма берилет. Ар бир топ өзүнө берилген тапшырмаларды аткарып, жактап беришет. Берилген темалар жана тапшырмалар кызыктуу жана экология темасына байланыштуу болуп, жергиликтүү көйгөйлөрдү камтыгандыктан окуучулар кызыгуу менен угуп, тапшырмаларды аткарууда активдүү катышып жатышат.

Бегимай Азатбек кызы
Мектептин 8-класстын окуучусу, курстун катышуучусу Бегимай Азатбек кызы «Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектеби тууралуу буларды айтып берди:
«Ар бир өтүлгөн сабактан жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Жайыттарды коргоо, суулуу саздак жерлер, Рамсар конвенциясы, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү боюнча темалар абдан кызыктуу болду. Агайдын даярдаган презентациялары, топтук тапшырмалар жана тесттер да абдан актуалдуу экен. Бул курста окуп жатып мен жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөндүм».

Нурдан Өмүралиев
Курстун дагы бир катышуучусу, 9-класстын окуучусу Нурдан Өмүралиев курстагы алган таасирлери менен мындайча бөлүштү:
«Курс жумасына эки жолу болуп жатат. Көптөгөн кызыктуу маалыматтарды жана керектүү билимдерди ала алдым. Эгерде биз жайыттарды туура пайдаланбасак анда жайыттарды жоготуп алуу коркунучу бар экени мени тынчыздарып калды. Өзүм жашаган айылда эле жайытты туура эмес пайдаланат экенбиз. Мисалы, жайында жайытка 2 эсе мал жайылат экен».
Даярдаган Жасмина Кубатбекова