Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында “Walking with the Earth” (“Жер менен шайкештикте”) аттуу эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Иш-чара 2026-жылдын 21-апрелинен 13-майына чейин уланат.

Көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин маданиятын, алардын жаратылыш менен болгон гармониялуу жашоо философиясын чагылдырат. Башкы идея адам табияттан бөлөк эмес, анын ажырагыс бөлүгү экенин көрсөтүү.
Бул ирет Кыргызстан үчүн өзгөчө окуя болду. Анткени эл аралык деңгээлдеги бул аянтта кыргыз уз-усталарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол өнөрчүлүк эмгектери алгач жолу сунушталууда. Бул улуттук маданий мурастын жана көчмөн цивилизациясынын дүйнөгө таанылышына карай маанилүү кадам.

Көргөзмөнүн кураторлору кыргызстандык арт-менеджерлер Миррахим Опош жана Айбек Байымбетов. Алар “Origins” программасы аркылуу кыргыз искусствосун дүйнөлүк түптүү элдердин диалогуна алып чыгып жатышат. Экспозицияда Борбордук Азиянын кийиз маданиятынан тартып Чыгыш Африкадагы мал чарбачылык салттарына чейинки ар түрдүү көркөм иштер коюлган. Ар бир эмгек адам менен жаратылыштын өз ара байланышын, айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти жана салттуу билимдердин маанисин ачып берет.

Көргөзмө UN Permanent Forum on Indigenous Issues 25th Session алкагында өтүп, 2026-жыл — Жайыттар жана малчылар жылы темасы менен үндөшүүдө. Иш-чара түптүү элдердин маданий мурастарын сактоо, муундан-муунга өткөрүү жана өз аймактары менен байланышын бекемдөө маселелерине көңүл бурат.

Долбоор Дүйнөлүк түптүү элдердин руханий практиктер союзу тарабынан ишке ашырылып жаткан “Origins” программасынын бир бөлүгү. Бул демилге жаш сүрөтчүлөрдү тажрыйбалуу устаттар менен бириктирип, салттуу билимдерди өнүктүрүүгө багытталган.
Көргөзмө бир нече эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулуп, маданиятты сактоо жана экологиялык жоопкерчилик идеяларын бириктирген маанилүү платформа болуп калды.
Айгерим Кубатбекова