Кыргыз элинин маданий жана табигый мурастарында жылкы өзгөчө орунду ээлейт. Кылымдар бою ал кыргыздардын көчмөн турмушунда негизги транспорт, азык-түлүк булагы жана тиричилик үчүн керектүү материалдарды камсыздаган. Жылкы күчтүн, эркиндиктин жана рухий тиректин символу катары эпостордо, кол өнөрчүлүктө, музыкада жана кыргыздардын дүйнө түшүнүгүндө кеңири чагылдырылган.

Азыркы учурдун чакырыктары
Бүгүнкү күндө аборигендүү кыргыз жылкысы бир катар олуттуу коркунучтарга туш болууда. Алардын катарына төмөнкү факторлор кирет:
• жайыттардын деградациясы;
• климаттын өзгөрүшү;
• жаштардын салттуу коневоддук маданиятка кызыгуусунун төмөндөшү;
• породаны сактоого мамлекеттик деңгээлде жетишсиз көңүл бурулушу;
• маданий жана селекциялык жактан башка породалардын атаандаштыгынын күчөшү.

Бул көйгөйлөр кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүктөрүн жана тоолуу аймактардын жашоосуна байланышкан салттуу чарбачылыкты сактоого түздөн-түз таасир этет.
Иш-чаранын максаты

Иш-чаранын алкагында эксперттик талкуулар, тажрыйба алмашуусу жана практиктардын баяндамалары уюштурулуп, төмөнкү маселелер талкууланды:
• аборигендүү кыргыз жылкысынын генетикалык баалуулугу жана тоолуу шарттарга жогорку ылайыкташкандыгы;
• породаны сактоо боюнча актуалдуу чакырыктар;
• туруктуу коневоддук моделдерди өнүктүрүү жолдору;
• салттуу билимди алып жүрүүчү тоолуу жамааттардын ролун бекемдөө;
• мамлекеттик саясат үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.
Иш-чараны ИСУР коомдук фонду уюштуруп, Институттун адистери жана Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун окумуштуулары эксперттик колдоо көрсөтүштү. Фонд ошондой эле климаттык өзгөрүүлөр шартында тоолуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу жана тамак аш коопсуздук багытында иш алып барат.
Иш-чара IFAD жана Slow Food International тарабынан колдоого алынган “Жаштар жана аялдар үчүн тамак аш мурастарын коргоо жана илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” -долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Ошондой эле иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенттиги демилгелеген жана БУУ Башкы Ассамблеясы колдогон “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер” (2023–2027 жж.) эл аралык демилгеси менен шайкеш уюштурулду.