3-декабрь күнү Кулатов айылында айылдык кеңешинин сессия өткөрүлүп, күн тартибиндеги негизги маселе катары айылдык кеңешиннин төрагасы айыл өкмөт башчы болуп дайындалгандыгына байланыштуу төраганы шайлоо каралып, ачык добуш берүү менен 31 депутаттын ичинен сессияга 27 депутат катышып, баары бир добуш менен Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевичти Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы кылып шайлап алышты.

Кеңешбек Рустамов
Жаңы шайланган төраганы айыл өкмөт башчы жана депутаттар куттуктап, ийгиликтерди каалашты.
Рустамов Кеңешбек – 1970-жылы Абшыр-Ата айылында жарык дүйнөгө келип, 1977-жылы Төрөбай Бекиев атындагы орто мектебине кабыл алынып, 1887-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад техникумунда билим алган.
Үй-бүлөлүү, 4 кыз 1уулдун атасы.
Ал буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин 4-5-6-7-8-чакырылышын 5 жолку депутаты.
Даярдаган: Жумагул Көчкөнбаева