3-декабрь күнү Кулатов айылында айылдык кеңештин кезектеги сессиясы өтүп, анын күн тартибиндеги негизги маселе айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болду. Бул шайлоо мурдагы төраганын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалышына байланыштуу өткөрүлдү. Сессия ачык добуш берүү жолу менен уюштурулуп, жыйынга катышкан 27 депутаттын бир добуштан колдоосу менен Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевич Кулатов айылдык кеңешинин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Кеңешбек Рустамов
Жаңы шайланган төраганы айыл өкмөт башчы жана депутаттар куттуктап, ийгиликтерди каалашты.
Рустамов Кеңешбек – 1970-жылы Абшыр-Ата айылында жарык дүйнөгө келип, 1977-жылы Төрөбай Бекиев атындагы орто мектебине кабыл алынып, 1887-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад техникумунда билим алган.
Үй-бүлөлүү, 4 кыз 1уулдун атасы.
Ал буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин 4-5-6-7-8-чакырылышын 5 жолку депутаты.
Даярдаган: Жумагул Көчкөнбаева