Кыргыз элинин руханий казынасынын туу чокусу болгон улуу “Манас” эпосунун күнүнө карата 2025–2026-окуу жылында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин бардык лицейлеринде ар тараптуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Манас” үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) терең изилдөө жана популярдаштыруу тууралуу Жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Зуура Нурматова атындагы лицейде манасчы Алимбай Маатов жана анын шакирттери менен жолугушуу кечеси болуп өттү. 9-класстардын демилгеси менен уюштурулган жолугушууда жаштарга эпостун баалуулугу таанытылып, лицейдин жаш манасчылары да өздөрүнүн айтуулары менен иш-чараны жандандырышты, — деп билдирди кафедра башчысы Майрамбү Ибраимова.

Курманжан Датка атындагы лицейде 8–10-класстар арасында эпостун тилин, поэтикасын жана мазмунун өздөштүрүү максатында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Ошондой эле 4-класстардын окуучулары үчүн “Жаш манасчы” сынагы уюштурулуп, мыкты катышуучулар баалуу белектер менен сыйланды, — дейт кафедра башчысы Гүлбарчын Амирбекова.
Исхак Раззаков атындагы лицейде окуучулар арасында көйгөйлүү суроолор берилген талкуулар, кайчылаш дискуссиялар уюштурулуп, жаш манасчылар эпостон үзүндү айтышты. Кафедра башчысы Айкөкүл Суюнова эпосту терең таанууга багытталган иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Жайыл Баатыр атындагы лицейде “Манас” эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу маданий-адабий кечеде “Мурас” адабий ийриминин жана “Этно-маданий” көркөм өнөр тобунун окуучулары эпостун баалуулугун көркөм чыгармалар жана аткаруулар аркылуу даңазалашты. Иш-чараны Бүбүжан Усарова жана Чынарбүбү Бопуева уюштуруп, жыйынтык ийгиликтүү болду, — деп билдирди кафедра башчысы Эмилбек кызы Айзирек.

Жогорудагы иш-чаралар менен катар, ар бир лицейде “Манас таануу” интеллектуалдык сынагына даярдыктар да жүрүүдө. Координатор Жеңишбек Абдиназаров мындай сынактарды байма-бай өткөрүүнүн маанисин белгилеп:
“Эгер ушундай аракеттер үзгүлтүксүз уланса, ‘Манас’ эпосунун тарыхы да, тамыры да муундан муунга тереңдеп берет”, — деди.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил координатору Жеңишбек Абдиназаров.