Дөбөлү айылынын ФАП кызматкери мед айым Гулзат Бакеевадан, учурда курч жүрүп жаткан сасык тумоодон сактануу боюнча пайдалуу кеңештер
🩺 Айылдагы ФАП медайымы эскертет: Грипп — жеңил оору эмес!*
Күз-кыш айлары кирип келгенде, күч алган сасык тумоодон сактануу боюнча пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.
*Грипп деген эмне?*
Бул — аба аркылуу бат жугуучу жугуштуу вирус. Башкы белгилери: жогорку температура, жөтөл, мурун бүтүшү, алсыздык жана баш оору. Айрым учурда бул белгилер суук тийүүгө окшошуп кетет, бирок грипп көбүрөөк күчтүү жана кооптуу болот.
*Грипп качан көп кездешет?*
Оору негизинен күз жана кыш мезгилинде тарайт. Айрыкча суук, шамалдуу күндөрдө эл арасында бат жайылат.
*Кимдерге өзгөчө коркунучтуу?*
— Балдар (айрыкча жаш курактагы)
— Кош бойлуу айымдар
— Улгайган адамдар
— Өнөкөт оорулары барлар
*Грипптен кантип сактанабыз?*
✅ Эң негизги алдын алуу — убагында эмдөө алуу
✅ Колду таза жууп туруу
✅ Маска тагынуу
✅ Эл көп чогулган жерлерден оолак болуу
✅ Үйдү таза кармоо, желдетип туруу
*Дарылоо тууралуу:*
Эл арасында бал, лимон, сарымсак сыяктуу ыкмалар колдонулат. Бирок оорунун белгилери башталса — *өз алдынча дарыланбай*, ФАПка кайрылуу зарыл!
💬 Медайымдардын кеңеши:*
«Грипп жеңил көрүнгөнү менен кооптуу. Өз убагында кайрылып, алдын алуу чараларын көрүү — эң туура чечим!»

Даткайым Кубандыкова