Кургак учук аба аркылуу жугуучу жугуштуу оорулардын бири. Бул дарт көбүнчө өпкөнү жабыркатып, башка органдарга да таасир этүүчү мүнөзгө ээ. Анын негизги себеби – Кох таякчалары. Бул бактериялар күн тийбеген нымдуу чөйрөдө узак убакытка чейин жашай алат. Жыл сайын Кыргызстанда аталган илдеттин жаңы 4000ден ашуун учурлары катталып турат, анын ичинде балдарда жана өспүрүмдөрдө дагы аныкталат. Кургак учук менен ооруган адамдардын 50%ы — эмгекке жарамдуу курактагы адамдар.
Үй-бүлөлүк дарыгер Бактыгүл Низамованын айтымында туура салынбаган, желдетилбеген көк баскан үйлөрдө кургак учуктун таякчалары көпкө жашайт. Практикада айрым ижарага берилген үйлөрдө үйүн алмаштыргандан кийин улам бири-бирине жуккан учурлар кездешкен. Бул инфекциянын айлана-чөйрөдө узак убакыт жашай аларынын далили.
Кургак учукту алдын алуу жана аныктоо
Кургак учукка каршы күрөшүүнүн негизги жолу – алдын алуу. Учурда өлкөдө ооруну эрте аныктоо жана дарылоо жолго салынган. Дарыгердин айтымында, жыл сайын тобокелдик тобуна кирген адамдар флюорографиядан өтүп турат. Ошондой эле учурда диаскин-тест ыкмасы кеңири колдонулууда. Бул ыкма кургак учукка чалдыгуу коркунучу жогору болгон жарандарды өз убагында аныктоого жардам берет.
Кургак учуктун түрлөрү жана дарылоо жолдору
Кургак учуктун эки негизги түрү бар:
1. Сезимтал түрү – оорунун баштапкы баскычында аныкталып, убагында дарыланса, 6-8 айдын ичинде толук айыгууга мүмкүн. Бирок, эгер бейтап дарысын үзгүлтүккө учуратса, оорунун туруктуу формасына өтүп кетүү коркунучу бар.
2. Туруктуу түрү – бул формада дарылоо процесси 9-18 айга чейин созулушу мүмкүн.
“Эгер адам сезимтал түрү менен ооругандардан жуктурса, анын оорусу да сезимтал болот. Ал эми туруктуу формасы менен ооруган адамдан жуккан учурда, туруктуу формага чалдыгышы мүмкүн”, – деп белгилейт дарыгер Бактыгүл Низамова.
Кургак учуктун негизги белгилери төмөнкүлөр:
• Эки жума же андан ашык убакытка созулган жөтөл;
• Түнкүсүн көп тердөө;
• Дене табынын 37,5°Cка чейин жогорулашы;
• Алсыздык, бат чарчоо;
Көп учурларда жогорудагы белгилер оорулууларда болбошу да мүмкүн. Бул себептен улам көпчүлүк адамдар билбей оорууну башкаларга жугузуп жүрө берген учурлар кездешет. Иммунитетти төмөн айрыкча, кант диабети, өпкө оорулары, ВИЧ-инфекциясы, астма жана тамеки чегүү сыяктуу терс адаттар, сергек эмес жащоо образы кургак учукка чалдыгуу коркунучун күчөтөт.
Кургак учук аба аркылуу жугат. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же сүйлөгөндө микробдор сыртка чыгып, айлана-чөйрөгө тарайт.
Сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
• Бет кап тагынуу;
• Антисептик колдонуу;
• Коомдук жайларда аралыкты сактоо;
• Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө бет аарчы же кол менен тосуу.
Кургак учук кандай дарыланат?
Кургак учук акысыз берилүүчү кургак учукка каршы дары-дармектер менен дарыланат
Дарылануу башталгандан кийин кургак учук менен ооруган адамдардын көпчүлүгүнүн оорусу жугуштуу болбой калат жана көнүмүш жашоо мүнөзүн алып жүрө алышат. Стационардык же амбулатордук дарылоону дарыгер бейтап менен биргеликте аныктайт. Амбулатордук дарылоодо дары каражаттарын ичүү үчүн ооруканага жатуунун зарылчылыгы жок, үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болуу жетиштүү. Туруктуу жашаган жери жок адамдар паспорту жана убактылуу жашап жаткан жеринен берилген маалымкаты болгон учурда ҮМБ/ҮДТ/ФАПка кайрыла алышат. Кургак учукту амбулатордук дарылоо оорукана ичинде оору жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат жана көнүмүш жашоо мүнөзүн алып жүрүүгө, коомдо жана үй-бүлөдө болууга мүмкүнчүлүк берет.
Эгер сиздердин туугандарыңыздар же жакындарыңыздар кургак учук менен ооруп калса:
— Аны кыйын учурда колдоп жана оору менен күрөшүүгө жардам бериңиз
— Ага белгиленген дарыларды үзгүлтүксүз ичүүсүн эскертип туруңуз
— Дарылануу курсун аягына чейин өтүүсүнө көз салыңыз
Кургак учук менен ооруган адам Сиздин көнүл бурууңузга жана камкордугуңузга муктаж. Кургак учук менен ооругандар сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Өз алдынча дарылануу оорунун күчөп кетишине алып келет.
“Дарыгердин сунуштарын так аткарып, дарыларды үзгүлтүксүз ичсе, ооруну толугу менен айыктырууга мүмкүн”, – дейт дарыгер Бактыгүл Низамова.
Кургак учук – дарыланса айыгууга мүмкүн болгон оору. Аны алдын алуу үчүн өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүп, туура жашоо образын кармануу зарыл. Дарыгерлердин айтымында, маалыматтуулукту жогорулатуу аркылуу бул дартты жеңүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова