Дөбөлү айыл өкмөтү ыйык Рамазан айынын урматына айыл аймактагы элдер үчүн ооз ачтыруу уюштурду.Иш-чарага жергиликтүү тургундар, аксакалдар жана айыл жетекчилери катышты. Анда Рамазан айынын мааниси тууралуу насаат айтылды.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович

Ооз ачыруу учуру

Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да уланаарын белгилеп, ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө салым кошорун билдиришти. Тургундар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, берекелүү Рамазан айында жакшылыктар көп болуусун тилешти.
Индира Мөндүрбаева