Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаз келээри менен кант кызылчасы айдалат. Айыл тургундарына суроо узатып, быйылкы сезондун башталышы тууралуу ойлорун билип көрдүк.
Айыл тургуну Кымбат Аширова кырк сотук кызылча сепкенин айтат. «Кызылча өзүңөр көрүп тургандай жакшы чыкты, биринчи отоосун отоп бүттүк. Кызылчаны кант заводуна өткөрүү оңой, сатып жиберсең да жакшы, акчасын тез аласың, көп күтпөй», — дейт ал.
Аширова кызылчадан тапкан пайдасын үй салууга жумшаган. Ал кошумчалагандай, быйыл арпа, буудай, жүгөрү, беде урук, чөп өтө арзан болуп, ошондуктан көп дыйкандар кызылча себүүгө өтүшкөн.
Айыл тургундары кызылчадан башка эгинди айдаган менен алардан пайда жок экенин айтышат. Ошондуктан көпчүлүк айылдыктар азыр кант кызылчасын айдап жаткан убагы.
«Кызылча кымбаттады, ошон үчүн эл кызылча себүүгө өтүп жатышат. Башка пайда түшүрө турган вариант жок. Дыйкандардын иши ошо да», — деди Айгүл Абылбаева.
— Менин атым Молдраимов Калыс, Кара-Суунун тургуну болом. Кызылчадан башкадан пайда жок, ошон үчүн кызылча септик. Экинчи отоосун отоп койдук. Буйруса кызылча жакшы көтөрүлдү.
Кызылча сепкен дыйкандарыбызга мол түшүм каалайбыз. Сак саламатта калыңыздар.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Бексултанова Айгерим,Данияр кызы Элиза,Анвар кызы Айзада