Кыргыз почтасы тарабынан уюштурулган «Кыялымдагы өлкө» аттуу республикалык конкурс өз жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Бул кубанычтуу кабар биздин мектеп тагыраагы Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты үчүн өзгөчө сыймык менен кабыл алынды. Анткени аталган конкурска биздин мектептен да окуучулар активдүү катышып, алардын арасынан 4«А» классынын окуучусу Керималиев Эсен алдыңкы орунду багындырды.
Керималиев Эсен
Эсендин бул ийгилиги – анын тынымсыз изденүүсүнүн, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнүн жана билимге болгон умтулуусунун жыйынтыгы. Ошондой эле бул жетишкендиктин артында ата-энесинин туура тарбиясы, мугалимдеринин сабырдуу эмгеги жана колдоосу турганын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Эсенди тарбиялап, билим берген ата-энесине жана устат мугалимдерине терең таазим этебиз.
Мындай ийгиликтер ар бир окуучунун келечекке болгон ишенимин арттырып, башка балдарга да мыкты үлгү болору шексиз. Кыргызстандын бир бурчун чойгон, мектептин даңкын далайга чыгарган мыкты окуучулардын бири деп Эсен менен сыймыктануу менен айта алабыз.
Бул жеңиш бизге дагы бир ирет билимге умтулуу, тынымсыз изденүү жана биргелешкен эмгек ар дайым ийгиликке жеткирерин далилдеди. Демек, ата-энелер балдарына туура жол көрсөтүп, мугалимдер менен эриш-аркак иш алып барууда. Мындай ынтымактуу кызматташуунун жемиши — бүгүнкүдөй кубанычтуу жаңылыктар.
Жеңүүчү окуучубузду чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди, бийик максаттарды багындыруусуна тилектешпиз.
Даярдаган: Карыбекова Аида, Бейшенбекова Раяна