Токтогул районунун Абды Суеркулов айыл аймагындагы Торкен айылында Аманкан Мамыров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имараты салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи онлайн форматта өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Жаңы мектеп имараты 275 окуучуга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген шартта курулган. Объекттин курулушуна жалпы 109 млн 362 миң 859 сом каражат жумшалган.
Салтанаттуу ачылышта Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Тюкебаев Акылбек Алиякунович айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Аманкан Мамыров атындагы №27 орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 130 млн сомго тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгында ОсОО «Ал-Кадыр-Сантехсервис» компаниясы 109 млн 362 миң 859 сомдук сунуш менен жеңүүчү деп табылган.
«Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Торкен айылынын билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзүп, окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга кеңири шарттарды камсыздайт»-деп билдирди Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев.
Бул мектеп жаңы билим эшигин ачып, айыл тургундары үчүн чоң кубаныч тартуулады. 
Даярдаган: Азема Кудуева.