Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында жылдын мыкты жарандарын сыйлоо аземи уюштурулду. Бул иш-чарада жети айылдын ичинен өз тармагында мыкты деп табылган инсандарга баалуу белектер, ардак грамоталар, статуэткалар жана наамдар тапшырылды. Салтанатта айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев 2025-жылда аткарылган иштер боюнча слайд-шоу менен кенен отчет берип өттү. Иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 300 000 сом каралып, бул каражат мыктыларды сыйлоого, уюштуруу иш-чараларына багытталган. Сыйлоо аземине айыл өкмөт башчысынан сырткары, Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров, депутаттар, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
⠀ 
«Кетмен-Төбө айыл аймагынын башчысы Болот Багымбаевдин айтымында, мыктыларды сыйлоо аземи эки жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Ар бир жарандын бир жыл бою аткарган эмгегин баалоо — бул аларга стимул берүү жана башкаларга да үлгү болуу үчүн жасалган кадам. Айыл аймагыбызда социалдык жактан жакшы жылыштар бар. Бул өсүп-өнүгүүгө салым кошуп жаткан жарандар сөзсүз урмат-сыйга татыктуу» — деди ал.

«Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы Айдар Алишеров билдиргендей, жыл мыктыларын тандоо оңой болгон жок. Мекеменин, ишкананын жана жарандын бир жыл ичиндеги эмгегин калыс баалоо үчүн депутаттардан, айыл өкмөт кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүлүп, өтө так тандоо жүргүзүлдү» — деди ал. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин тарабынан 12 тургунга ардактуу атуул наамы тапшырылды.

Төмөндөгү айыл аймактарга «Жылдын мыкты» наамдары ыйгарылды.
1-орун “Үлгүлүү айыл” номинациясы-Мазар-Суу айылы- 40000(кырк миң )сом ,статуэтка, айыл башчысы Акимов Бердимат ;
2-орун “Үлгүлүү айыл” номинациясы-Терек-Суу айылы -30000(отуз миң)сом статуэтка, айыл менен иш алып барган Алманбетов Рустам;
1-орун “Мыкты мекеме” номинациясы-
1)№12 Курама уулу Турусбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби ,директору Кожомуратов Дөөлөтбек Райымбекович– 20 000(жыйырма миң )сом ,статуэтка;
2-орун “Мыкты мекеме” номинациясы-
1)Терек-Суу айылында жайгашкан № 5 Кызгалдак мектепке чейинки билим берүү уюму,жетекчиси Тургунбаева .Динара Сейиткуловна. -10 000(он миң)сом статуэтка;
2-орун “Мыкты мекеме” номинациясы-Чолпон-Ата айылында жайгашкан №15 Даңканай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби,жетекчиси Алыбекова Салима Асанбековна -7000(жети миң) сом статуэтка;
Мыкты депутат айымдар:
1.Тургунбаева Динара Сейиткуловна
2. Мейманалиева Гүлназ Калыбековна
3. Чотоева Гульзат Коеновна
4. Токтоназарова Рыскүл Райымбердиевна
“Мыкты жетекчи ”номинациясына -3
1. №24 Нур бала бакчасынын директору-Токтогазиева Атырбү
2.№14 Жоомарт мектебинин директору -Тажибаева Аймира Тентимишовна
3. Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчиси -Абдыгулов Мирлан

«Ак-Бакай» жамаатык медианын талыкпаган эмгеги, маалыматты калыс, так жана туура берүү аракеттери эл тарабынан бааланып, татыктуу сыйлыгын алды. Бул — алардын Токтогул өрөөнүндө ролу чоң экенин билдирди» дейт айыл өкмөт катчысы Жылдыз Эсенбекова. Мыкты “Ак-Бакай “медиа борбору-жетекчиси — Азема Кудуева
“Мыкты кызматкер ”номинациясына -10
1.Медицина тармагынан -Дөөлөтказиева Калия
2. Маданият тармагынан -Кенжебаева Айжан
3. Суу чарбасынан Мамашов Сыргабай
4. Электр тармагынан -Умаров Жолдошбекв
5. Таза аймак МИнан- Абдалиев Аксен
6. Коомдук активисттерден-Алманбетов Рустам
7. Айыл башчылардан-Акимов Бердимат
8. Айыл өкмөтүнөн -Масирбаев Урматбек Токтобекович
9. Айыл өкмөтүнөн -Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна
10. Айыл өкмөтүнөн (техникалык кызматкерлерден) -Каипова Күмүшкан
“Мыкты мугалим “ номинациясына -7
1. №12 Курама уулу Турусбек- Сафарали кызы Гүлнара -англис тили мугалими
2. №41 Тоялиев- Кубанычбек кызы Касиет – окуу бөлумунүн башчысы
3. №14 Жоомарт — Кебекбаева Нурила Ызакановна -тарых мугалими
4. № 17 Жаманкулов- Койчуманова Камалбү – башталгыч класстарынын мугалими
5. №15 Даңканай – Кабылбеков Жайлообек Чыныбаевич
6. №13 Коргол – Кубанычбекова Жазгул- кыргыз тили жана адабияты мугалими
7. №16 Нурманбетов -Камалова Асида Абдимиталовна- орус тил жана адабияты мугалими
“Мыкты тарбиячы “ номинациясына -1
1. №5 Кызгалдак бала бакчасы -Темирова Асыл Жолдошбековна
2. №5 Кызгалдак бала бакчасы – Нышанбаева Мунара Дамировна
3. №20 Ак-Тилек бала бакчасы — Жусупбекова Нурзат Максатбековна
“Үлгүлүү аксакал” номинациясына-6
1. Муратбеков Токтобек-Кара-Күңгөй айылы
3. Конушбаев Токтосун-Ак-Тектир айылы
4. Нарынбаев Аккошой-Мазар-Суу айылы
5. Алманов Эркин-Чолпон-Ата айылы
6. Мырзаканов Зарлык Ашымович -Чоң-Арык айылы
7. Максутбаев Табылды – Терек-Суу айылы

“Үлгүлүү байбиче” номинациясына-6
1. Смаилова Санди-Кара-Күңгөй айылы
2. Анарбекова Алтынбу -Ак-Тектир айылы
3. Тууганбаева Умсунбу -Мазар-Суу айылы
4. Акматова Бурулжан-Чолпон-Ата айылы
5. Абдырахманова Каленбү -Чоң-Арык айылы
6. Абдыраимова Карагыз – Терек-Суу айылы
”Мыкты ата” номинациясы- 6
1. Асанов Айдар -Кара-Күңгөй айылы
2. Сыдыков Исак -Ак-Тектир айылы
3. Матасимов Дөөлөтбек Какаевич-Мазар-Суу айылы
4. Раимбеков Джапар Алымбаевич-Чолпон-Ата айылы
5. Султанкулов Болот Оруналиевич -Чоң-Арык айылы
6. Осмонкулов Бузурманкул– Терек-Суу айылы
“Үлгүлүү үй бүлө” номинациясына-6
1. Сулайманкулов Субанбек Жолдошалиевич-Кара-Күңгөй айылы
2. Балтабеков Бекболот -Ак-Тектир айылы
3. Медетова Жамаш Барпыбаевна -Мазар-Суу айылы
4. Теңизбеков Токтосун -Чолпон-Ата айылы

✨ Бул салтанат элди шыктандырып, биримдикке чакырып жана ар бир жарандын эмгеги бааланып, айыл жеринин өнүгүшүнө салым кошконго демилге болуп калды.
Даярдаган: Азема Кудуева