Бакай-Ата айылынын тургундары жол көйгөйү бар экенин биздин радиого билдиришкен. Бул тууралуу жергиликтүү айыл өкмөт башчысы Мирлан Исабековдон маалымат алдык.

Жол көйгөйүн кантип чечейин деп жатасыздар?
— Быйылкы жылдын эсебинен айыл өкмөтүндө депутаттар бөлүп берген 2 жүз миң сом акчасы бар. Ошонун негизинде 60 миң сомдой жумшалып, 300 рейстей кум ташылды. 50-60 пайыздык көйгөйдү чечип чыгып кеттик.
Жолдорду асфальттап койсо болбойт беле?
— Асфальт кылып койсо болот. Бакай-Ата айыл өкмөтүн дотациядан чыгарылганына байланыштуу, өкмөттөн бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Баары тыйын маселесине барып такалат экен. Тыйын маселеси быйыл кичине тартыш болууда. Чоң трассадан Наматбек айылына бурулган тараптан айыл өкмөттүн эсебинен бир километр асфальтталды.
Жол көйгөйүн чечүү үчүн кандай пландар бар?
— Быйылкы жылга долбоор өткөн. Максим Горький көчөсүнүн 2 километр 700 метри асфальтталганы жатат.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
АСе