Бүгүн Манас атындагы орто мектебинде улуу жеңиштин 71 жылдыгына карата кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдеш үч категориядагы салмак менен болду. 30 килограммга чейин жана 30-50 килограммга чейин жана 50дөн жогорку салмакта болуп өттү.
30 килограмга чейинки балдар арасында жеңүүчү болгон Төлөнбай уулу Эрбол күч атасын тааныбайт деген кепке ишенет.
«Бүгүн мен 30 килограммга чейинки балдар арасында жеңүүчү болгонума кубанып турам. Менден чон күчтүү балдар көп болду. Күч атасын тааныбайт дегендей мен бул мелдеште жеңишке жатишкенге аракет кылдым”, — деди Эрбол.
30-50 килограммга чейин Батаров Жоомарт жеңүүчү болсо, 50 килогарммдан жогорку салмакта Төлөнбай уулу Бекжан жеңүүчү болуп табылды.
Улуттук күрөш боюнча машыктыруучу Бекатан Батыров мелдеш тууралуу мындай деп билдирди:
«Бул күрөштү уюштурганыбыздын максаты — Тагайберди элинен көптөн бери Лейлек күрөшү унутулуп кетип, кайрадан жандандыруу. Мүмкүн болушунча ай сайын өткөрүп турганга аракет кылабыз”, — деп билдирди Батыров.
Мелдеш аягында жеңүүчүлөргө медалдар жана громаталар менен кошо акчалай сыйлык ыйгарылды.
Даярдаган: Нурислан жанибеков, Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн