Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 27-апрель күнү окуучулар мектептин биологиялык аянтчасына жер-жемиштерди айдашты. Буга 8-9-класстын окуучулары катышышты.
Бул боюнча Аралбаев орто мектебинин биология мугалими Айжан Койчуманова менен маек курдук. Анын айтымында, буга чейин мектептин биологиялык аянтында карагат менен малина болгон болсо, эми алардын катары ар кайсы жер жемиштер менен толукталып жатат.
«Окуу тарбия участкасын иштетүү боюнча бул жерге жер-жемиштердин түрү айдалып жатат. Быйыл өзгөчөлөнүп, картошка, сабиз, кызылча, перец, капуста, помидор жана ашкабак, петрушка, сельдерей айдалат. Юнисеф долбоору 10 түп карагат, 10 түп алма жана жогоруда айтылган жер-жемиштердин уругун каржылап беришти», — деп билдирди Койчуманова.

Ар бир класска жер-жемиштердин түрлөрү бөлүнүп берилген. Алар өздөрүнчө жайкысын кезектешип алып багышмакчы. «Ал эми түшүмүн болсо мектепте 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамак-ашына колдонулат», — деп кошумчалады биология мугалими.

Окуучулар мектеп аянтчасына биринчи жолу айдап жаткандыктарын айтып, иштеп жатышты.
Ошону менен бирге Айжан Койчуманова өсүмдүктү кантип айдоо керектиги жана анын эрежелери тууралуу окуучуларга кененирээк практика жүзүндө да көрсөтүп берди.

«Шарты боюнча жемишти айдаардан мурда жерди жумшартып алыш керек экен. Ошондуктан бүгүн жер семирткичтерди сээп, эртең кызылчаны айдайбыз», — дейт 8-а классынын окуучусу Айжаркын Азатбекова.
Автор: Самара Рыскелдиева