“Куланакта таштандылар көбөйүп жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок” дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Учкун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Айзат Жунушалиева менен маек курдук.
Саламатсызбы, биз Куланак айылында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоого ылайык, көбүнчө айыл тургундары таштанды маселесин айтып чыгышты. Бул маселеге айыл өкмөтү кандай карайт?
— Бул маселе боюнча Нарын райондук мамлекекттик адмистрациясынын 32-б буйругунун негизинде айыл ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Буга чейин Учкун айылынан тазалыкка деп бөлүнгөн акчадан күйүүчү майлар алынып келинип, Бак-Терек, Нур-Байбулун участкасы жана Училища аймагы толугу менен тазаланды. Ошондой эле көчөнүн боюндагы таштандылар эксковаторлор менен түртүлүп, көмүлдү.
Айыл ичиндеги таштандылардын көбөйүп кетишине ким себепкер жана ким жооптуу?
— Буга биринчиден айыл эли өзүз эле күнөөлүбүз да. Ар бир адам өзүнүн таштандысын чогултуп, жаз болобу, жай болобу, бир ирет машина менен алып барып, карьерге төгүп, же өрттөп койсо, жеке өзү үчүн эле эмес, айылдын тазалыгы үчүн деле эң жакшы нерсе да.
Сиз айтып жатпайсызбы, таштанды төгүүчү жайга ыргытса жакшы болмок деп, каякка барып төгүшөт, дегеле айылда атайы таштанды төгүүчү жай барбы?
— Ооба, Куланактан чыгып бара жаткан жерде урналар бар.

Ал жакка айыл эли таштандыларын төгүп турушабы?
— Жок. Ал жак алыс болгондугуна байланыштуу эл көнө элек жана төгүшпөйт. Айылдын ар кайсы жерине каналдын, көчөнүн жээктерине төгүп коюшат. Ошондуктан таштанды толуп кетип жатпайбы.
Сиздер бул үчүн кандай чара колдоносуздар?
— Негизинен биздин аларга айып салганга укугубуз жок. Бирок айылдык сотко фамилиясы көрсөтүлүп арыз жазылса, анда 1000 сомго чейин айыппул сала алабыз.
Айыл ичиндеги таштандылар канча убакытта бир тазаланып турат?
— Таштандыларды тазалоо жаз мезгилине туура келет.
Ошондо жылына бир эле жолу тазаланып турабы?
— Ооба, айыл өкмөт тарабынан бир эле жолу тазаланып турат.
Алдыда таштанды маселесин чечүү тууралуу дагы кандай пландар бар?
— Азырынча жакынкы пландарда мектеп окуучулары жана жаштар уюму менен биргеликте 30-апрелде Учкун жана Куланак айылынын чегиндеги көчөдөгү ташатандыларды тазалоо иштерин жүргүзөлү деп турабыз. Андан сырткары бак-дарактарды актап, жолдун жээгиндеги эч ким жашабаган тамдар бузулат.
Сиздер таштанды маселе тууралуу айыл эли менен биргеликте жыйын өткөрүп турасыздарбы?
— Ооба, жыйналыш жакынкы күндөрү белгиленген. Анда көчө комиттери шайланып, ар бири өздөрүнүнун көчөсүнө жооп бергидей кылып, жаштар уюму менен биргеликте жыйналыш өтөт.
Маегиңизге чоң рахмат!
Автор: Самара Рыскелдиева