Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты.
«Ооган-Талаа» жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Могол айыл өкмөт башчысынын орун басары Бактыгүл Алыбаеваны кепке тартты.
Айылдагы бала бакча кичине болгонуна байланыштуу бардык бөбөктөргө бакчада орун жетпей жатканы боюнча билесиздерби?
— Тилекке каршы билебиз. Айылда миңден ашык алты жашка чейинки жаш балдар болсо, анын ичинен жүзү бала бакчада тарбияланат.
Бул көйгөйдү чечсе болобу?
— Албетте болот, ал үчүн жаңы бала-бакча куруп беришибиз керек.
Качан кеңейтилет?
— Биз кеңейтпей эле жаңы куруп берели дегенбиз, жаңы бала-бакча куруу планга киргизилген.
Канча каражат бөлүнөт?
— Жаңы куруу үчүн 2 миллион сом каражат бөлүнүшү керек.
Курулушу качан башталат?
— 2017-жылы башталат, планга киргизилген. Дагы бир жылдан кийин курула башталат. Бала бакча куруу үчүн жер ажыратылган. Азырынча бир да бала бакча жок Коктонду жана Чарбак айылдарына куруу үчүн пландын негизинде иштеп жатабыз.
Автору: Аяна Нурлан кызы
Сынак үчүн