Сокулук районундагы Жал айылында асыл тукум элита мекемеси совет доорунан бери иштеп келет. Аталган мекеме суюк азот жана урук чыгарат.
Бул мекеме 1960-жылы түптөлгөн. Ошол кезде асыл тукум өнүктүрүү боюнча иш чаралары болуп, мекеме салынып калган. Ошол учурдагы баардык чарбаларды, колхоздорду асыл тукум урук менен камсыз кылган.
Кыргыз селекционерлери «Ала-Тоо» түрүн чыгарышкан жана ошол тоолук шартка ылайыкташтырышкан. Ал эми 1994-жылдары агрардык жер реформасынын колхоздор, совхоздор тараган учурда иш токтоп калган. Кийин 2010-жылы президенттин демилгеси менен кайрадан мамлекеттик асыл тукум элита станциясы болуп иштей баштаган.
Аталган мекеме Жал айылынан бир километр аралыкта жайгашкан. Анда жети баш бука багылат. Алардан азот жана урук өндүрүп чыгарылат. Багылган бодо малдарды өз убагы менен тоюндурушат: букаларга үч маал суу берилип, жем, чөп, саман менен багылат. Булар асыл тукум болгондуктан, салмактары оор болот. Эң оор буканын салмагы 1 тонна 70 килограммга чейин жетет.
Жергиликтүү “Ала-Тоо” пародасындагы букалар бул жерде багылат. Азот жана уруктардын атайын өздөрүнүн лаборотоиясында изилденип чыгарылат.
Мекеменин башчысы Эркинбек Ашырбаев ишканада 30га жакын жумушчулардын иштээрин айтты. Учурда башка мамлекеттерден да бул станцияга кызыккандардын бар экенин, алар менен келишим түзүп иштешүүгө аракеттенип жатышкандыгын айтып өттү.
«Өндүрүлгөн азотту кардарларга 150 сомдон сатышат. Кыргызстандын аймактарына, эки ай сайын урук жана азотту жеткирип турушат. Учурда төрт түр бука мекемеде багылат. Биздин Кыргызстандын шартына ылайыктуу болгон «Ала-Тоо» түрү жана Симентал тукуму эт, сүттү жакшы берет», — деди Ашырбаев.
Ашырбаевдин кошумчалашынча, келечекете жылкыны, койду багуу пландары бар. Бул боюнча да иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын айтып кетти мекеменин башчысы.
Аталган мекеменин лабораториясында 30 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келе жаткан Темирлан Чогунбаев жумушу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
“Мен бул мекеменин лабораториясында урук тоңдуруп, урук алып иштейм. Урукту алгандан кийин аны микроскоп менен текшерип, керектүү нерселерин разбовитель кошуп, процедурасы бүткөндөн кийин анан атайын өзүнүн машинасы менен алып барабыз. Азыр жети баш бука бар, алар америкадан алып келинген. Бул техникаларды Германиядан 150 миң долларга алып келишкен”, — деп айтып кетти Чогунбаев.
Даярдагандар: Ууржан Молдокулов
Редактор: Дастан Джаркымбаев
Сынак үчүн