Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов жарандардан келген суроолорго жооп берди. Суроолор мектеп, бала бакча, социалдык конракт, коопсуз шаар боюнча болду.
“Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде элдин суроолоруна жооп берди. Түз эфир учурунда берилген райондун тургундарынын 10 суроосунун …
2023-жылдын 3-ноябрында Базар-Коргон районунун тургундары У.Сыдыков атындагы сейил багында “Жашыл экономика – өнүгүүгө өбөлгө” аттуу жаңгак фестивалы менен бирге түшүм майрамы белгиленди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жусуп Турусбеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Гулнара Пусурова «Жандай көргөн кесибим» мектептен сырткаркы уюмдар арасында мелдешке катышып, 1 орундун ээси болду.
Базар-Коргон районунда билим берүү тармагында «Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр» аттуу конференция болду. Конференцияга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мирлан Карагулов, акимдин орун басары Асель Сансызбаева, «Бай дыйкан» айыл …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов «Ачык өкмөт» долбоорундагы июль айындагы жарандардан келип түшкөн суроолорго түз эфирде жооп берди. Түз эфирде айылдагы тротуар, оорукана, жер мунапыс, жер алуу, арыздар …
Бекмамат Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин 10-классынын окуучулары 2022-жылдын 4-5-6-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн республикалык “Манас таануу”интеллектуалдык таймашында 2-орунду алышты.
2022-жылдын 25-май күнү Базар-Коргон районундагы борбордук аянтчада «Кесипти тандоого багыт» аталышындагы келечектеги кесиптер жарманкеси уюштурулду.
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда Нооруз майрамына келген элдин маанайы жакшы болуп, жаңы ачылган паркта эс алышты. Райондун борборундагы аянтка эл көп топтолуп, майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.
Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жумушчу ордун түзүү планына кирсе, билим берүү мекемелеринин абалы башкы орунда турат.
Жалал-Абад облусундагы жума базары бул ар жума күнү болуучу базар. Ага ар тараптан келген соодагерлер келип, кызуу базар болот. Шаардагы базардан айырмачылыгы арзандыгында. Ошондуктан бул базарга келген эл көп. kyrgyzmedia.kg …
Октябрь айында Базар-Коргон районун аймагында пахта жана шалы (күрүч) жыйноо өнөктүгү кызуу жүрөт.
Базар-Коргондук мигрант жаштар ооруканага кычкылтек концентраторун сатып беришти.
Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндери бышып, дыйкандардын кызуу иш үстүндө экени көрүнүп турат.
Базар-Коргон району боюнча 1265 баатыр эне каттоодо турса, бүгүн да ал тизмеге жаңы «Баатыр энелер» кошулду.
Райондогу бир катар айыл аймактарында балдар бакчалары курулуп бүтсө, айрымдарында курулушу жүрүп жатат. Бул да болсо, айылдагы балдарга, энелерге жакшы шарттарды түзүү максаты менен жасалып жатат. Курулган балдар бакчаларынын шарттары …
Базар-Коргон районунда соода түйүндөр, калкты тейлөө жайлары иштей баштады. Өлкөдө өзгөчө кырдаал, карантин шартындагы абал өкүм сүрүүдө. Коомдук жайларда, ишканаларда беткап тагынуу, антисептиктерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо талабы баарына бирдей.
Базар-Коргон районунда акыркы кезде балдарга камкордук көрүү күч алды. Бир нече айылдарда балдар бакчасы курулууда. Алардын бири Кеңеш айыл аймагындагы балдар бакчасы.
«Кел баарлашалы» подкасты аймактардагы аялдардын окуялары жөнүндө. Тоолу Арсланбаптагы Ооган-Талаа айылындагы мугалим болуп иштеген Камбарали кызы Гүлназ, элеттеги аялдардын көйгөйлөрүнө кайрылмакчы. Ал айымдардын өздөрүнүн окуялары жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк берип, тынчсыздануу …
«Бала бакчанын ачылышын көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Эми жакынкы күндөрү балдарыбызды бакчага берет экенбиз деп сүйүнүп турабыз». Даярдаган: Тимур Мелисбеков