Жалал-Абад облусундагы жума базары бул ар жума күнү болуучу базар. Ага ар тараптан келген соодагерлер келип, кызуу базар болот. Шаардагы базардан айырмачылыгы арзандыгында. Ошондуктан бул базарга келген эл көп. kyrgyzmedia.kg сайтынын атайын маалыматтар үчүн коюлган номерге Жалал-Абад облусунун жараны кайрылган. Аты жөнүн айткысы келбеген окурманыбыз базардын элдерге, окуучуларга чоң көйгөй жаратып жатканын, Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын атынан билдирүү жиберген.
Жалал-Абад шаарынын тургунунун айтымында:
«Шаардын эң көйгөйлүү маселеси бул жума базары болуп калды. Жума базарын Байэл базарынын аркасына жылдырды эле, ал жердин «базар» деген статусу бар, кең жер. Ал эми азыр жума базары тыгын, балдар аянтчасы, балдар паркы жайгашкан жерден бери соодасын жайып соода жасагандар паркты аралап, күндөн күнгө кеңейүүдө. Чолпон деген базарды караган жаран мурунку акимге акча берип жүргөнбү мурунку аким бул көйгөйдү чече алган жок».
«Бул жерде мектеп бар, жаш балдар аралап жүрөт, тыгын баса албайсын. Азыр эми унаа базарын да жылдырып жатпайбы элдин көптүгүнө байланыштуу, бул базарды да Байэлдин артына жылдырып шарт түзүп берсе жакшы болмок, дистация сакталмак жаш балдар жок, тыгын жок болуп калмак. Элге шарт түзүп берсе, базар базарга окшоп шарты менен болсо», -деди окурман.
Жалал-Абад мэриянын акимине жума базарын балдардын, элдердин, шаардын коопсуздугу үчүн жылдырып берүүсүн суранышарын баса белгиледи.
Элдин үнү: Ооган-Талаанын жолдорунун абалы элдин көйгөйүнө айланды
Аймээрим Саитжанова