Мал чарбачылыгында жаш музоолорго кам көрүү өтө маанилүү процесстердин бири. Адистер музоо жаңы туулганда начар багылган болсо кийин уй болгондо эти да, сүтү да аз болорун айтышат. Ошондой эле башында жакшы тоюттандырылбаса, кийин багуудан пайда чыкпастыгын кошумчалашат.

Уй тууту өзгөчө кыш жана жаз айларына туура келет. Мындан улам алгачкы күндөрү ага жайлуу шарт түзүп, сарайдын жылуулугу жана кургак болуусун камсыздоо зарыл. Мал чарбасындагы ар бир фермер дени сак, жогорку продуктивдүү малдарды кармагысы келет.
Ал максатта саан уйларга көптөгөн аракеттерди көрөөрү анык. Бирок, музоолорго көп көңүл бурулбайт. Музоолордун ден соолугу өтө чоң мааниге ээ. Музоолор көпчүлүк учурда ашказан, ичеги жана карын ооруларынан жабыркашат.

Жаш музоого эң алгачкы уйдун ууз сүтүн берүү маанилүү. Бул 5-7күнгө чейин сөзсүз турдө музоого зарыл болуп эсептелет. Айрым учурларда музоо өзү энесин эме албай калган болсо анда атайын бөтөкөгө куюп упчу аркылуу ичирүү сунушталат.
Мындан музоо эң керектүү микро, макро жана бардык азык заттарды алат. Уйдун ууз сүтүн эмген музоо суукка жана ошондой эле ар кандай ооруларга туруштук бере алат.
Бул багытта музоолорду жаңы “суук“ ыкмасы менен багып чоңойтуу түрү бар. Ага ылайык, 2-3 күндүк торпокторду өз алдынча кармап багуу керек. Багылуучу жер эки бөлүктөн турат: жылууланган, дем алуучу жана ачык, сейилдөөчү бөлүктөн. Бул ыкманын негизги өзгөчөлүгү күн нурларынын жардамы менен табигый стерилизация, таза аба болуп саналат.
Музоолорго кам көрүүнүн элдик ыкмалары: Жаңы туулган музоолор сарайда түнкүсүн атайын даярдалган музооканада кармалат. Даярдалган музоокананын түбүнө 10 см калындыкта саман салынат. Саман 2-3 күндө бир алмаштырылат. Бул жер зыяндуу газдар пайда болбош үчүн желдетилип туруусу шарт. Күндүзү дагы сыртта кармоо үчүн бастырмада же атайын музооканада кармалат. Бул жерде дагы астына саман төшөө зарыл.
Жаш музоолорду жана торпокторду тоюттандыруу
Туулгандан бир сааттан кийин музоо ууз сүттөн берип, энеси менен 2-3 күн калтырып багууга керек. Биринчи күндөрү музоо энесин эмип, эч кандай тоютка муктаждыгы жок болот. Тамак синиримдүүгүн жакшыртуу үчүн суу берүү ылайыктуу. Колдон сүт берилген болсо, туулгандан тартып 10-15 күнгө чейин энесинин сүтү берилип турат, андан кийин музооканага бөлүп башка музолор менен бирдикте каралат, жана бул убакта колдон саалган сүт берилип турат.
4күндөн 3жумага чейин нак сүт же аны алмаштыргычтан берип, кошумча дан аралашмасынан кичинеден берип , көндүрө баштаса болот. Эгер жебей жаткан болсо аз аздан шекер же туз кошуп берсе бат көнөт. Эгер 1ай кезинде башка музоолор болсо чогуу баарын бир жерге камап, акырына кичинеден кургатылган чөп, туз, бор коюп берүүгө болот
Музоонун кошумча жасалма сүт менен багуунун ыкмасы
Музоону энеси 2 айга чейин күнүнө 3 маал эмизет. Ал эми айрым фермерлер сүт сатуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн атайын жасалма сүт менен 70 күн багышат. Бул ыкма сүт сатуудан тышкары музоонун жакшы өсүүсүнө шарт түзөт. Себеби атайын жасалма сүттүн курамында витаминдер, микро-макро элементтер бар.
Ири мүйүздүү малдарды тоюттандырууда эмнелерди эске алуу керек?
Уй тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Үй шартында уйдун сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жолдору
Эксперттен кеңеш: Уйга чөп болсо эле, ал сүт бере бербейт …
Айгерим Кубатбекова